Айбат » Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштер күчөтүлөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштер күчөтүлөт

опг

«Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө» КР мыйзамын ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү максатында, вице-премьер-министр Токон Мамытовдун жетекчилиги астында республиканын Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек, Ош шаарларынын ички иштер органдарынын жана министрликтин борбордук аппаратынын өздүк курамдары менен жумушчу кеңешме-жыйындарды өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууларда, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган иш-чаралар менен байланышкан азыркы проблемалар талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө, укук коргоо кызматкерлери сыяктуу эле, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары тараптан да, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биригип иш алып баруу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды. Буга байланыштуу, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине, аймактарда бир айлык мөөнөттө уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча жыйындарды укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте өткөрүү тапшырылды.

Аймактардагы уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигин жок кылуу жоопкерчилиги аймактык ички иштер органдарынын жетекчилерине жүктөлдү.

Ички иштер министрине ведомствонун ишинин ушул жылдын 9 айындагы жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиясында көрсөтүлгөн маселени кароо тапшырылды. Ага кошумча эле, ИИМ министрине уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик базаны мындан аркы жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru