Айбат » Панфилов районунда чоң сууга агып бараткан досун куткарып калган балага ӨКМ сыйлык тапшырды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Панфилов районунда чоң сууга агып бараткан досун куткарып калган балага ӨКМ сыйлык тапшырды

канал

Чүй облусунун Панфилов районундагы Бухара айылында чоң сууга түшүп кеткен 13 жаштагы Ислам Исаевди куткарып чыккан классташы Кубанычбек уулу Насбек Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сыйланды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, чоң суу каналынын жээгинде ойноп жаткан Ислам Исаев сууга түшүп, агып кеткен. Агын суунун ылдамдыгы секундасына 27 метр болуп, катуу аккандыктан, бир чакырым жерге чейин токтоосуз агып кеткен. Ошол маалда анын жанында жүргөн классташы 13 жаштагы Кубанычбек уулу Насбек агып бара жаткан дос баласынын артынан чуркап, сактап калган.

Эс учун жоготуп койгон Исламга андан аркы жардамды көрсөтүү үчүн коңшулардыкына чуркап барган. Ал жерден тез келген Мирлан Султанов алгач Исламды жергиликтүү ФАБга алып барышкан. Бирок ал жерде эч ким жоктугуна байланыштуу Кара-Балта шаардык ооруканага алып барышкан. Өз учурунда сактап калган Исламды бир нече күн жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, жанын сактап калышкан. Учурда Исламдын абалы канааттандыраарлык.

Бул окуяны эрдик жана атуулдук милдет катары көргөн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кубанычбек уулу Насбекти Сууга чөккөндөрдү сактап калган эрдиги үчүн төш белгиси менен сыйлады. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү эрдик кылган өспүрүмгө ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырышты.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru