Айбат » Фытранын мааниси кандай? Кимдер фытра берүүсү керек?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Фытранын мааниси кандай? Кимдер фытра берүүсү керек?

буудай

Керектей турган буюмдан жана карыздарынан артык зекет нисабынчалык мал-мүлкү, акчасы болгон мусулмандын фытра берүүсү важиб болот. Нисабга ээ эмес болсо фытра берүү важиб болбойт, бирок, берсе жакшы болот. Хадиси шарифте айтылган:

“Фытр садага байларыңарга тазкийа. Кедейлериңер да берсе Аллаху таала аларга андан көбүн берет.” [Абу Давуд] (Тазкийа тазартуу, тазалоо дегенди билдирет.)

“Рамазан орозосу көк менен жердин арасында турат. Фытр садага берилгенде көтөрүлөт.” [Абу Хафс]

“Фытр садага орозолуу адамдын орунсуз сөздөрүнөн пайда болгон күнөөлөрдү тазалайт.” [Байхаки]

Калган үч мазхабда бир күндүк жей турган тамагы бар адамдын фытра берүүсү фарз. Хадиси шарифте: “Фытр садаганы чоң-кичине, бай-кедей баарынын берүүсү керек”, – деп буюрулган. (Абу Давуд)

Дин боюнча бай эмес ар бир адам фытра, зекет ала алат. Керектөөсүндө болгон буюм жана карыздарынан артык зекет нисабынчалык мал-мүлкү, акчасы бар мусулмандын фытра берүүсү важиб болот. Фытра, зекет алуусу харам болот. Фытра нисабына кошула турчу мал-мүлктүн соода үчүн болуусу шарт болбогондой эле колунда бир жыл калган болуусу да керек эмес. Оору сыяктуу кандайдыр бир себептен улам орозо кармай албаган адам да бай болсо фытра берүүсү керек.

Соода үчүн болбогон мал-мүлктүн зекети берилбейт. Түшкөн пайдасы нисабга кошулат.

Нисабга ээ эмес ар бир адам кедей деп эсептелет, зекет ала алат. Нисабга ээ болсо фытра берүүсү важиб болот. Минималдуу айлык алган адам карыздары чыккандан кийин нисабга ээ болсо бай болуп эсептелет, фытра берүүсү керек. [Нисаб 96 грамм алтын же ошонун баасындай акча, соода мал-мүлкү дегенди билдирет.]

Фытра садагасы Рамазан айында берилет. Рамазандан мурда жана Айттан кийин берилүүсү жаиз болгону менен Айт намазынан мурда берилген болуусу көбүрөөк сооптуу. Шафииде Рамазандан мурда берилбейт. Айттан кийинкиге да калтырылбайт.

Эне-атага, чоң атага, чоң энеге, балага, небереге, аялына жана капыр адамга фытра берилбейт. Кедей болуу шарты менен келинге, бир тууганга, атасынын кыз жана эркек бир тууганы, апасынын кыз жана эркек бир тууганы сыяктуу туугандарга, күйөө балага, кайненеге, кайнатага, кайын ини-карындашка, өгөй балага берүүгө болот. Эгер салих болушса жакын тууганга берүү артык сооптуу. Имамейнге карата карызы бар жана кедей адамга аялы фытра бере алат. (Макуфат)

Фытр садаганын өлчөмү өзгөрбөйт. Бир кишинин фытрасы катары ар күн эмес бир ай үчүн жарым саъ буудай же ун же болбосо бир саъ арпа, хурма же жүзүм мейизи берилет. Жарым саъ өлчөмү этияттап алганда 1750 грамм. 1750 грамм буудай же ун же болсосо 3500 граммарпа, жүзүм мейизи же хурма берилет. Бул азыктардын өзүн же наркынчалык алтын же күмүш берүү керек. Буудай, ун же калгандарын берүү кыйын болсо булардын наркынчалык нан, жүгөрү же кагаз акча да берүүгө болот.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru