Айбат » Ассоль Молдокматова: “Менин кызым эң мыкты кыз болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Ассоль Молдокматова: “Менин кызым эң мыкты кыз болот”

Белгилүү модельер-дизайнер, телеалыпбаруучу, таланты ташкындаган Ассоль айым менен анын жашоосундагы кыйынчылыктар, ийгмилик сыры, сулуулук тууралуу маек курдук.

 Ассоль 2- Ассоль, маегибизди биринчи эле сиздин сулуулугуңуздан баштагым келип турат. Күнүнө фитнеске канча убактыңызды сарптайсыз?

– Качан жана кайсы убак болбосун сырткы өң-келбет ар бир адамдын визиттик карточкасы болуп келген. Эл адамы өзүнүн келбетине такай көңүл буруусу зарыл деп ойлойм. Мен кайсы өлкөдө болбоюн аткан таңым спорт менен башталып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, фитнес залга барып, сууда сүзүп, бир жарым саат убактымды кетирем.

- Негизи эле сулуулук сиз үчүн эмне?

– Адамзаты өзү эле табигатынан ар кырдуу келет эмеспи, жашоо дагы өзү кызык нерсе кээде сырткы келбет деле маектешүүдө өтө чоң мааниге ээ болбой калат. Эң маанилүүсү сени менен маектешкен адам кандай ой жүгүртөт, кандай сүйлөйт. А эгер ички көрөңгөсү жалаң жакшы идеяларга, максаттарга бай болсо ошол адамды чыныгы сулуу деп билсе болот.

Ассоль- Моданын артынан кууйсузбу? Жараткан коллекцияңызга кездемелерди кайдан аласыз?
– Мода бат өзгөрүп кете турган нерсе, ошондуктан моданын артынан куубаш керек. Эң негизгиси ички сезимиңди угуп, өзүңдүн өң-келбетиңе жараша кийингенден өтөөрү жок. Мен сулуу адамдардан дем-күч алам. Дайыма жанымдагы адамдардын сулуулугуна суктанып жатып жаңы идеяларды коллекцияма түшүрөм. Кийин ошол чиймелеген сүрөттөрүмө карап Дубайдан, Стамбул, Делиден, Римден атайын кездемелерди алып келем.

- Өзүңүз кийим тиккенди билесизби?

– Жаштайыман өзүмчө болууну максат кылып атайыын тигүүнүн жана кийим бычуунун курстарын окугам. Барган сайын тажрыйба топтолуп атып буюртма алып да иштеп, кийин буюртмадан сырткары өзүмө жана үй-бүлөмө кийим тиге калып жүрдүм.

- Жашоодо кандай кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрдүңүз?

– Мен өзүмдү бай адамдардын үй-бүлөсүнөнмүн деп айта албайм. Жөнөкөй интеллигент үй-бүлөдө өсүп-чоңойдум. Биздин тукумубузда чириген байлар болбосо дагы атам жана чоң атам Москвадагы, Ленинграддагы ЖОЖдорду бүтүргөн алгачкы кыргыздардан болушкан. Бирок, экөө тең бул жалган дүйнөдөн эрте кеткендигине байланыштуу мен өзүмдүн жолумду өзүм түптөйм деген максатта эрте түйшүк тартууга кириштим. Көп иштедим, күнүнө 22 сааттан 5 тармакта иштеп жүрдүм. Кээде катуу чарчагандан улам башымды көтөрө албай калган учурлар болгон. Ошондой учурда дагы менин алдыга койгон максаттарымды ишке ашыруу үчүн башымды өйдө көтөрүп талбай иштеп жүрдүм. Бул жашоодо мага, менин кылып жаткан иштериме бут тосуулар көп болду, кээде абдан эле өкүнүчтүү болуп кетет, ошентсе да анча-мынча сыноого сынып калбай кылып жаткан ишимди улантып кете бердим. Мен жашоону сүйөм, турмуш да мага ошондой жооп берет.

- Татынакай жана таланттуу эки уулуңуз бар. Кыздуу болууну кыялданган чыгаарсыз?

– Менин алтын апам кичинекей кезинде 10 бала төрөгүсү келгендиги тууралуу көп айтат. Албетте он баланы төрөп, багып жана татыктуу тарбия берүү абдан эле чоң жоопкерчилик. Мен да балдарды сүйөм жана татыктуу тарбия бере алам. Менин кызым эң мыкты кыз болот буюрса.

- Эркектердин кайсы сапатын баалайсыз?

– Эң биринчи ирээтте эркектин тыкандыгын жана чечкиндүүлүгүн баалайм. Мага жоош, көп сүйлөбөгөн жана алсыз эркектер жакпайт. Интеллект жана ички дүйнөсү бай адамды абдан баалайм. Анан эгер ал адамдан андан ары өнүгүүнү көрө албай калсам, ичимдеги ага болгон сезимдердин баары сууй баштайт.

– Сүйүү, бакыт жана байлык адамдын жашоосунда үч жолу келет, – деп жүрүшөт. Сизге чыныгы сүйүү канча жолу келди?

– Сүйүүнүн кантип келээрин айтыш кыйын. Бирок, сен ал адамсыз бул жашооңду элестете албасаң, анда чыныгы сүйүүнүн келгени ошол деп билем.

– Чыгармачыл адамдар жашык келет эмеспи, сиз кандайсыз?

– Мен деле жашыкмын десем болот. Айрыкча балдар үйүнө барып, ал жактан чыккандан кийин эч кимге көрсөтпөй жашымды аарчып алам. Менин апам балдар үйүндө чоңоюптур, ошондуктан мен өзүмө дайыма балдарга жардам берем деп сөз бергем.

– Жакшы көргөн ишиңиз?

– Менин эң жакшы көргөн ишим китеп окуу. Китептер дайыма мени менен чогуу жүрөт. Абдан көп окуйм. Анан дагы китепти жазган адам да, аны окугандар да бул жашоого келип-кете беришет. А китептеги каармандар, китептеги ойлор эч бир өзгөрүүсүз кала берет.

- Кандай иштен рахат аласыз?

– Дайыма каяка кетип баратам жана эмнени багынтууну каалап жатам так билчүмүн жана мээмде дайыма жаңы идеялар толуп турчу. Менин байлыгым бул менин алдыга умтулуум деп билем. Жакындарыңа жакшы маанай тартуулап жакшы маек кура билүүдөн өткөн жагымдуу нерсе болбосо керек. Мен да менин жанымдагыларга жакшы маанай тартуулагандан рахат алам.

- Эмнеден ирээнжийсиз?

– Саткынчылыктан ирээнжийм жана такыр кечире албайм. Саткынчы адамдар абдан жинимди келтирет. Эки жүздүү, бетпактарды абдан жаман көрөм. Мен өзүм бир нерсе болсо ал адамга барып бетине эле айтам.

- Сиз жараткан ийгилигиңиздин сыры?

– Бир гана эмгек жана оптимизм. Эмгек менен көп нерсеге жетишүүгө болот. Жаштарга айтаарым энергияңар көп, күч-кубаттуу кезиңерде эмгектенип алгыла. Кийин анын үзүрүн сөзсүз көрөсүңөр. Бир гана эмгек адамды өстүрөт.

- Кандай адамдарды кечире албайсыз?

– Унутчаактыкты кечирүүгө болот бирок, эки жүздүүлүктү жана алдамчылыкты кечирүү кыйынга турат. Адамдар менен көп маектешкен адам катары мен адамдардагы кемчиликтреди дароо байкайм, ошондуктан дайыма кечиримдүү болууга аракеттенем. Себеби биз жаратуучу эмеспиз да.

 – Маегибиздин соңунда кыз-келиндерге кандай кеңеш айтаар элеңиз?

– Жашоо мыкты саякат ошондуктан ким менен кайда кетип баратканыңыз өтө маанилүү. Маанайыңыз чөгүңкү тартып турганда бул дүйнөдө канчалаган майыптар, жетим балдар жок дегенде жакшы сөз уккулары келип жаткандыгы туурасында ойлонуңуз. Эч качан кайгырбастан алдыга гана умтулгула. Анан адамдардын сизге кылган жакшылыгына жакшылык менен жооп кайтара жүрүңүз дейт эле.

 Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru