Айбат » “Жаңы толкун – 2013″ сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды, Айбек элинен кечирим сурады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » “Жаңы толкун – 2013″ сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды, Айбек элинен кечирим сурады

Айбек Бакытбеков

Мындан бир нече күн мурун гана старт алып, Азия жана Европа континенттерин толкундаткан Жаңы толкун-2013 Эл Аралык жаштар сынагы соңуна келип, өз жеңүүчүлөрүн аныктады! Бул сынак кызыктарга бай болуп, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун эсинде көпкө калаары шексиз. Сынактын эң маанилүү жана жыйынтыктоочу 3-конкурсттук күнүндө жаш аткаруучулар өз өлкөлөрүнүн хит ырларын аткарышты. Таланттуу жана сүрдүү калыстар тобуна бирдиктүү чечим чыгаруу кыйын болду.  Конкурсанттар үч күндө көрсөткөн таланты мындай упайлар менен бааланып, жеңүүчүлөр аныкталды: 1-орунду конкурстун алгачкы күнүнөн эле фаворит болгон, Куба мамлекетинин аткаруучусу – Роберто Кел Торрес 358 балл менен багындырды! 2-орунга Грузия өлкөсүнүн ырчысы – Саломе Катамадзе 356 балл менен ээ болду! 3-орун –Вьетнам мамлекетин тааныштырган Винь Хуатга буйруда. Жалпы 3 конкурсттук күн ырчыга 254 балл алып келди.Кошумчалай кетчү нерсе, Кыргызстандын намысын коргогон Айбек Бакытбеков 12-орунду багындырды. Азыркы тапта массалык маалымат каражаттарында кызуу талкуу жараткан ырчынын интервьюсу үчүн аталган аткаруучу кайрадан кечирим сурады.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru