Айбат » Айсулуу Алымбек кызы, жарандык активист: “эмгекчилердин укугун коргойбуз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Айсулуу Алымбек кызы, жарандык активист: “эмгекчилердин укугун коргойбуз”

Айсулуу Алымбек кызы 2- Айсулуу  айым, учурда Кыргызстан абдан эле саясатташып кетти. Бийликке жете албай жүргөндөр абдан эле көп.  Жаштар бийликке келебиз дейт, ал эми жаштарды бийликке алып келип курал катары пайдаланып жаткандай сезим калтырат. Мындай көрүнүш эмне себептен пайда болушу мүмкүн?

– Туура, сиз айткандай бийликке келебиз дегендер көп. Баардыгы эле популисттер, алардын арасында да жаштары да, орто муун, улуу мууну да бар. Азыркы маалда жаштар келип өлкөнү оңдойт деген ишенимдер бар. Бирок, өлкөнү өйдө көтөрүп кете турган жаштарыбызды деле көрө албай турам. Популизм системасы менен өздөрүн көрсөтө коюп эле, эптеп бийликке келүү менен баарын кыйратып жиберээрин айтат. Ошол эле маалда бийликке келбестен өздөрүнүн иштери менен таанылса болот эле да. Тилекке каршы андай болгон жок. Деңгээлдери, курулай патриоттуулуктары баарлаша келгенде эле билинип калат. Ал эми чынында Мекенине салым кошууну каалагандар чет жактарда билим алып, иштеп жүрүшөт. Чынында өлкөгө күйгөн жаштар биригишип, чоң команда менен бийликке келбесе, бирин-серин бийликке барган жаштардын колунан эч нерсе келбейт.  Анткени, башында бийликке келгенде өзүнүн ойлорун ачыкка чыгарып аракеттерди кыла баштаганы менен кийинчерээк өзүнөн-өзү көпчүлүккө баш ийип, көнүгүшө баштайт.  Жогорку Кеңешке баргандар деле “партиялык бостордун”  айткандарын аткарып, мандатын сактап калуунун амалында эле болуп калууда. Ошол себептен жаштар “бизге бийлик бергиле” дебей, андан көрө, өздөрүнө жакшы команда түзгөнгө аракет кылып, команда менен бийликке барып системаны оңдоого болот. Эптеп эле бийликке жетип алып, кыйратам деген туура эмес иш.

Айсулуу Алымбек кызы-Анткен менен элдер жаштардын бийликке келишин эңсеп жаткандай…

-Туура, ушундай көз караштагы ишенимдер бар. Жаштар бийликке келип, бийлик алмашып турушу керек. Бирок, ошол эле учурда кандай жаштар келиши керек деген суроо турат. Азыр бийликке да, оппозицияга да ишенбей калды. Мурун эл оппозицияга ишенчү. Бул жерде элдердин ишене турган боштондугу бар, аны азыр радикалдуу исламисттер же криминалдар жана башка топтор басып алуу коркунучу бар. Анткени, эл эчкимге ишенбей калган маалда элдин ишенимине кирип, бийликке жетип кетиши мүмкүн. Ошол себептен бүгүнкү күндө команда менен келген чыныгы патриот жана чыныгы реформа кыла турган жаштар керек.

-Рефорамтор жаштардын биригээрине ишенесизби?

-Реформаторлор сөзү менен эмес иши менен айырмаланып турушу керек. Ал эми популисттик ыкма менен көкүрөгүн каккандар эмес, булардын келишине убакыт келип жетти. Мисалы, реформатор жаштардан кимдер бар? Эч кимди көрө албай турам. Ө. Бабанов жаш кадр болуп келди эле. Ал өзүнүн ким экенин, амбициясы башкада экенин көрсөттү. Ал жаш кезинен бери ушул системада жүрүп, канына сиңип  калган.

-Жаштар өз реформаларын жүргүзүү үчүн, бийликке келүү үчүн деле акча каражатына барып такалып жатпайбы, кайрадан эле бизнес кылууга туура келип жатпайбы… Же акчасы жок эле бийликке келсе болобу?

-Реформатор жаштардын төбөсү көрүнүп калса, андан чоң-чоң реформалады жасоого көзү жетсе, эч кандай саясий кызыкчылыгы жок, Кыргызстан үчүн акчасын аябаган байке-эжекелерибиз өздөрү эле жүгүрүп келип демөөрчү боло алат. Аң сезим ушуга жетти.

-Сиз профсоюздук уюм түзүпсүз, максаты неде?

-Туура, саясатта жүргөн “Жашылдар” партиясындагы Наргиза Абдылдаева ж.б. бир катарлар чогуу бирдикте бул ишти алып барып жатабыз. Ачылганыбызга эки айдай гана убакыт болду. Чынында карап көрсөк, жумуш кылат, бирок, эмгек маянасын ала албай жүргөн жүздөгөн жарандарыбыз жүрөт. Кайсы гана тармакты алып карабайлы… мейли тигүүчүк цехтерин, кафелерди… Алтургай элдердин укугун коргоп жүргөн жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү дагы айлык маяналарын ала албай жүргөн фактылар көп. Жакында эле “Де-факто” гезитинин бир журналисти 2 айлык маянасын ала албай жүргөнүн айтып кайрылды. Бизге арыз жазыңыз, десем кайрадан баш тартты. Бизде ушундай көз караш калыптанып калган, өз укуктарын билсе дагы эч качан коргобой эптеп алабыз да деген ниетте жүрө беришет. Азыркы маалда келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун талкуулап, тренингдерди, семинарларды өткөзүүгө даярдыктарды баштадык.

-Азыркы маалда жумушчулар кандай укуктарын билбей жатышат?

-Жарандарыбыздын дээрлик көпчүлүгү жумуш берүүчүлөр менен жумушка кирип жатканда атайын кагаз жүзүндө контракт жана келишим түзбөстөн оозеки түрдө гана келишим түзүү менен гана иштей баштайт. Бул учурда жумуш берүүчү каалаган учурда жумуштан айдап, андан чыгып мунусуна келип жүрө бергенге көнүп калышыптыр. Андыктан контракт жана келишим түзүлсө жарандар кандай иштерди кылат жана өз функцияларын так билишип, айлыктары өз убактысында жана жогору болмок. Мындай иштердин болбостугунан  аз айлык же айлыгынан кур жалак калган учурлар абдан көп кездешет. Ал эми Эмгек кодексте жумуштан кетирип жатканда конпенсация төлөп берүү жагы каралган. Конпенсация боюнча такыр эле түшүнүк жокко эсе экен. Жөн эле “кет” кетип калат. Алар жумуш берүүчү эки айлык акчасын төлөп берүүсүн билишпейт. Эгер эмгек биржасына туруп, жумуш таппаса дагы бир айлык акчасын төлөр берүүгө милдеттүү. Ошондой эле бир компанияда 3 түрлүү айлык алгандар бар экен: 1) Туугандары, жакындары жогору 2) орточо айлыкты жетекчисине жаккандар алат 3) эң аз айлыкты ишти жакшы бүтүргөндөр. Эмгек кодексинде бирдей жумушту бүтүргөндөргө бирдей акча төлөнүшү керек. Мунун бардыгы экономикалык абалдын начарлыгынан келип чыгууда, эптеп курсакты тойгузуу, балдарын багуу үчүн, кандай гана кордук болбосун иштеп жүрүшөт. Бирок, экономикалык абалга шылтап жарандар өз укугун коргобой жүрө берген болбойт. Ушунун айынан абдан кеңири жайылып, жумуш берүүчүлөр өздөрүнчө “хан” болуп алышты. Эгерде мыйзамдуу түрдө ишке орношо турган болсо, соцфондго акча төлөнүп пенсияга чыкканына да жакшы болмок. Ал эми жумуш берүүчүлөр салык төлөмдөрүнөн жана патенттен коркушуп мыйзамсыз иштерди алып барганы белгилүү эмеспи.

-Бардык тармакта мындай фактылар толтура эмеспи, кайсы жагынан баштайлы деп турасыздар?

-Сиз айткандай баардык сфераада бул өңдүү көйгөйлөр толтура болгондуктан тигүү цехинен баштайлы деп жатабыз. Себеби, Кыргызстанга жакшы киреше киргизип жаткан тармактардын катарына кирет. Жаңы акыйткатчы келсе, меморандумга кол коюлуп калса эле чогуу бирдикте иш алып бара баштайт элек.

-Тигүү цехтерин кыдырып чыксаңыздар керек. Мыйзамдын негизинде так иштегендери бар бекен же бүт эле мыйзамсыз иш алып барууга көнүп алышыптырбы?

-Албетте, андайлары дагы бар экен. Өздөрүнүн кызматчыларына жакшы мамиле кылуу менен сапаттуу товарларды өнүктүрүп чыгууну каалашат. Мындай ыкма менен иш алып баргандарды продукциялары чет өлкөлөрдүн эң кымбат бутиктеринде сатылып келүүдө. Муну менен айтайын дегеним, кызматчыларына кандай мамиле кылса жумуштун ыргагы дагы ошого байланышат. Себеби, олду-солду айлыгын берип-бербей иштете берсе иштин сапаттуулугу төмөндөп, ишке болгон кызыгуу такыр эле жоголот. Анан өндүрүлгөн продукциянын саны дагы сапаты дагы начарлайт, иши жүрбөй калат.

Жолугушу маалында ар кандай учурларга кезиктик. Коркутуп, үркүтүүлөр жана шылдыңдоолор, эшигин жаап алган көрүнүштүөр болот экен. Профсоюздан десек эле качышат. Профсоюздун күчү абдан жогору болот. Мисалы, Япониядагы терс көрүнүштөрдүн бардыгын ушул профсоюздар оңдогонго жетишкен.

-Кыргызстанда чоң-чоң компаниялардын башында чоңдорубуз турат эмеспи. Анткени, силер алардын сол кирешесине тоскоолдук жасап жатпайсыңарбы, коркутуулар болушу мүмкүн экени көрүнүп турат. Ушуга туруштук бере аласыңарбы?

-Албетте, туруштук бере алабыз. Себеби, биздин команда мындан жаман саясий куугунтуктоолорду башынан өткөргөн. Бышып бүткөнбүз, эң негизгиси жан дүйнөбүз ар кандай тоскоолдуктарга дапдаяр.

-Акча каражатын кайдан таап жатасыздар же долбоорбу?

-Эч кандай долбоор эмес. Профсоюздук уюм болгондон кийин “взнос” менен жанын багат. Азырынча кеңсе ж.б. майда-чүйдө иштерге өз чөнтөгүбүздөн чыгарып иш алып бара жатабыз. Кийин иш өз натыйжасын бере баштаганда демөөрчүлөр өздөрү келе баштайт. Албетте, өз кызыкчылыгыбызды эмес, өлкө келечеги үчүн ишти баштагандан соң, акырына чыгуу милдет.  Учурда ыктыярчылардын саны арбып, бизге кошулуп жаткандар көбөйүп жатат.

 Маек курган Улукбек Кутманбаев

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru