Айбат » Абдимуталип Кочкорбаев: «Батышты туурап, химиялык кастрация жасоо натыйжа бербейт»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Саясат » Абдимуталип Кочкорбаев: «Батышты туурап, химиялык кастрация жасоо натыйжа бербейт»

Абдимуталип Кочкорбаев

- Жашы жете элек балдарды зордуктаган кылмышкерлерди химиялык кастрация жасоо мыйзам долбооруна президент каршы пикирин билдирди. Президенттин бул пикирине кошуласызбы?

– Жаш балдарга карата жасалган мындай жосун эч кандай акыл-эске сыйбайт. Сөзсүз түрдө мындай кылмышкерлерден биротоло тазаланышыбыз керек. Бирок, биз бир нерсе болсо эле Батыштын үлгүсүн алганга шашылабыз. Анын сыңары Батышты туурап, химиялык кастрация жасоо менен мындай кылмыштарды биротоло жок кыла албайбыз. Андай ыкма бүгүнкү күндө өз натыйжасын бере албайт деп ойлойм. Буларды жок кылуу үчүн андан да оор жаза керек. Анын үстүнө химиялык кастрация жасоонун да татаалдыктары бар экен. Мисалы, ошондой кылмышка барган адамдын жаза мөөнөтүнүн аяктаарына 1,5-2 ай калганда жасалат деген өңдүү. Муну менен андай кылмыштарды токтото албайбыз.

- Сиз айткандай эле, президенттин айтымында химиялык кастрация жасоо менен мындай кылмыштарды биротоло токтото албайбыз, ага мындан да катуу жаза, мисалы, өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын бериш керек экендигин белгилеген. Чын эле мындай кылмышкерлерге өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм керек эмеспи?

– Биздин Конституция боюнча өлүм жазасы деген жок. Андыктан ошол өмүр бою эркинен ажыратуу чечими туура болот деп ойлойм. Керек болсо мындай кылмышкерлерге бул жаза дагы аздык кылат. Өткөндө ушундай зордукка дуушар болгон үч жашар кызды КТРК аркылуу кайра-кайра көргөзүп атты. Карап отуруп, ошол кылмышка барган адамдардын акыл-эси соо эмес экендигине ынанасың. Андыктан мындай акыл-эсинен ажыраган адамдарды коомдон да биротоло ажыратыш керек. Азыркы тапта батыштын аң-сезими башка. Алардын коомго болгон мамилеси да башка. Тилекке каршы, биз андай аң-сезимге көтөрүлө элекпиз. Ошондуктан химиялык кастрациядан да катуу жаза менен гана мындай кылмыштарды токтото алабыз.

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru