Айбат » Чычалайбыз деп чындыгын билдирип алыштыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чычалайбыз деп чындыгын билдирип алыштыбы?

Кабай Карабеков

Экс-депутат, учурдагы «КоммерсантЪ» гезититин кабарчысы Кабай Карабеков: «Айрым кыргыз журналисттери бүгүнкү бийликти согуп жазган макалалары үчүн Белорусияда бугуп жаткан Бакиевдерден акча алып турушат» деген мааниде билдирип чыккандан кийин эле чокту басып алгансып ойдологон жазмакерлер көбөйдү. Алардын көч башы болуп «Майдан.кг» гезити актанып чыкты. Аталган гезиттин жаңы санында «Кабай Карабеков маалымат жыйынын өткөрүп, кыргыз журналисттеринин бирөөсү учурдагы бийликти согуп жазган макалалары үчүн Белоруссиянын токойлорунда бугуп жаткан Бакиевдерден айына 3000 доллар акча алып турат деп билдирди» деп жазат дагы, ага кошумчалай Кабай Карабековду келтире шыбап, Майрам Акаеванын буйругу менен оппозицияны согуп турчу деп билдирет. Биринчи бетинен Камчыбек Ташиевдин сүрөтү түшпөгөн бул гезит Кабай Карабековдун маалыматына эмнеге мынча так секире түйүлүп чычалап калганын түшүнүп болбойт. Кыргызда айтмакчы чын чычалайт болуп атабы? Негизи кандайдыр бир күнөө жасап алган адам бир ордуна тура албай, чый-пыйы чыгып, эч ким аны күнөөлөбөсө деле «Мен андай кылган эмесмин» деп актанып калат эмеспи? Анын сыңары Карабеков мырзанын билдирүүсү бир топ кыргыз журналисттеринин чыныгы жүзүн көрсөтө турган болуп калды. Улам бири четинен алдын-ала эле актанып чыга башташты. Эми кийинки кезекте ким тургандыгын деле билебиз. Бирок, биз айтканга чейин эле өздөрү «секирип» чыга калышат эмеспи? Ушундан улам кыргызда «Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет» деген кеп айтылып калган окшойт. Алкымды тыя албай, пачкелеп «жашылбайларды» алып алышып, анан ушинтип «секире» бергенде болобу?

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru