Айбат » Камчыбек Ташиев: «Мадумаровдун саясый потенциялы түгөнгөн, анын ким экенин эл түшүнүп калды»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Камчыбек Ташиев: «Мадумаровдун саясый потенциялы түгөнгөн, анын ким экенин эл түшүнүп калды»

Ташиев Камчыбек

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүндө «мен оппозиция лидеримин» деп төш кагып, бийликке тишин кайрап жүргөндөрдү «оптом» согуп, аларды сатылма, туруктуу позициясы жок, саясатчы сөрөйлөр деп атап, өзүн гана чыныгы оппозиция лидери санарын билдирген болчу. «Чын чычалайт, калп каамырабайт» болгон оппозиционерлер Мадумаровдун таасын аныктамасына чычалап, ага тымызын «согуш» ачышты. Орозо кармаганын шылтоолоп саясый темалардан оолак болуп жүргөнсүгөн «Ата журт» партиясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев өзүнүн «Майдан» гезити аркылуу (№027, 31.07.2013-ж) «Мадумаров өзүн-өзү мактап турбаса, башка айласы жок…» аталыштагы макаланы жарыялатып, Адахан Кимсанбаевичтин айыбын ачты. Төмөндө макаланы комментарийсиз сунуштайбыз, Адахан мырза дагы жөн жатпай, жазмакерлери аркылуу жооп кайтарса керек деп турубуз…

Макаланын мазмуну мындайт: «Экс-президент Бакиевдин тушунда үлкөн кызматтардын көбүнүн даамын татып чыккан, а бирок, элге керектүү, пайдалуу жумушу көрүнбөгөн (Каркыранын казактарга берилиши боюнча парламент токтомун бекиткенин эске албаганда), саясатчы катары доору өтүп баратканын сезсе керек, акыркы кезде эл колдогон уулдарды четинен сындап, айрым өзүнө жаккандарын болсо мактап, эптеп этегине жармашкысы келип жүрөт. Буудай кууруган тилинен башка кыргыз элине өткөрүп койгон кызматы жок, бирок, өзүн журтчулук ага карыздай алып жүргөнү жанды кашайтат.

Ушул эрендин акыркы эрмегине эмнегедир “Ата-Журт” партиясы айланды. Барган жеринде бу партияны жамандайт, жада калса аталган саясий уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири Ахматбек Келдибековдун башын айлантып, бөлүп кеткенге катуу аракетин жасоодо. Басма сөз аркылуу: “Мен Келдибековдун партиясы менен эмес, өзү менен биригүүгө даярмын”,- деп канча айтса да, бирок, Ахмат мырза үн катып койгон жок. Ал деле балким, Адахан акасинин саясий жактан дарамети түгөнгөнүн сезе баштаса керек. Муну А.Мадумаров өзү деле байкап, акыры-ын, билинбей калат десе керек, Ахмат инисине да тийишип өттү: “Ата-журтчу депутаттар партиялаштары К.Ташиев, С.Жапаров жана Т.Мамытовду сөз жүзүндө гана колдоп, биримдиги жок экенин көрсөттү. Элди көчөгө алып чыккандан көрө, алар нааразычылык иретинде өз мандаттарын таштап, чыгып кетиши керек эле. А буларда кыйкырыктан башка болгон жок. Коллегаңа чындап күйгөн болсоң, аны ишиң менен далилде”.

Мадумаровдун өзүнүн башына ушундай иш түшсө көрөт элек булбул болуп кандайча сайраарын. Ал канчалык бийиктен сүйлөбөсүн, “ата-журтчу” депутаттардын арасында А.Келдибеков, Ж.Жолдошева ж.б. иши менен коллегаларына колдоо көрсөткөн бир топ парламентарийлер болушту. Эгер Адаханга тор жайылса, “Ата-Журттан” башка бир да партиянын депутаттары аны колдобошуна ишене бериңиз.

Мадумаров “Ата-Журттун” лидерлерине байланыштуу сот өкүмүнө да тескери тиктеди: “Эми мындан ары, кимдир-бирөө соттолсо, митингдер жана элдик толкундоолор аркылуу өкүмдү өзгөртүп алууга болооруна бардыгынын көзү жетти”.

Суроо туулат: Мадумаровдун “ата-журтчуларга” эрегишип калганында кандай сыр бар? Ойлоп көрсөк, жообу жөпжөнөкөй экен: биринчиден, ал парламентке “Бүтүнү” өтпөй, “Ата-Журт” өтүп кеткенине ичи тарып жүрсө, экинчиден, ушу тапта атаандаш партияны жамандоо менен электоратын тартып алууга умтулууда. Анткен менен, эл деле Адахандын ким экенин жакшы билип калбадыбы».

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru