Айбат » Дупутат Д.Ниязалиева Жумгалдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Дупутат Д.Ниязалиева Жумгалдагы аз камсыз үй-бүлөлөргө акчалай жардам көрсөттү

IMG_5975ЖКнын Депутаты Дамира Ниязалиева иш сапарынын алкагында улуу рамазан айынын 1-августуна Нарын облусунун Жумгал районунун айылдарында болду. Бул туурасында «Жумгал KG» маалымат булагы кабарлайт.

Депутаттын иш сапарынын алкагы Нарын дубанынын райондорунда болуп айыл тургундарынын абалдары менен таанышуу жана чечилбей жаткан көйгөйлөрдү, суроо талаптарды угуу жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү болгон. Атайын түзүлгөн иш программасы менен тишелүү министрликтердин өкүлдөрү кошо келген.

Депутат менен кошо КРнын Социалдык жактан өнүгүү министрлигинин орун басары Эрик Куйкеев, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Таалайбек Эшалиев, КРнын Социалдык фондунун башчысынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров жана КРнын Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимовалар келишти.

Алгач депутат Д.Ниязалиева Миң-Куш айылында эл менен жолугуп андагы айыл маселелерине токтолуп өттү, Миң-Куш айылынын тургундары таза-суу, жол, пенсия, жумушсуздук боюнча орчундуу суроолор берилип тиешелүү тармак өкүлдөрүнөн жооп ала алышты. Андан соң Чаек айылында жалпы жыйын өткөрүп элдин суроо талап, көйгөй маселелерине токтолду.

Депутат айым Жумгал районундагы 24 айылга кой союп дасторкон жайып орозо айында мусулман пенделердин оозун ачырды жана ар бир айылдан жетим балдарга, аз камсыз жана багар көрөрөрү жок тургундарга жалпысынан 500 миң сом акчалай жардам көрсөттү.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru