Айбат » Мелис Турганбаев: “Мени чоңоюп кетпесин деп, ар тармактан топтолгон атайын топ мени каралоодо”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Саясат » Мелис Турганбаев: “Мени чоңоюп кетпесин деп, ар тармактан топтолгон атайын топ мени каралоодо”

Мелис Турганбаев

-Мелис мырза, акыркы учурларда сиз тууралуу ар кандай кептер ар кайсы ММКнын редакциясын айланы жүрөт. Мисалы, “Лия” кафесинде тонолгон 100 миң доллар жана 2 млн. сомдун тонолушу сиздин эжеңиздин баласы Тяньшан атту тууганыңыздын катыштыгы бар экен деген маалымат тарады. Буга кандай комментарий бере аласыз?

-“Лия” кафесинде талануу фактысы катталганда дароо өзүм ал ишти баштап, кылмыштын бетин ачууга ыкчам иштерди жүргүздүк. Бул кылмышка шектүү делгендердин бардыгы камакка алынган жана ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип жатат. Аталган кылмышка маалыматта айтылган Тяньшан аттуу жигиттин эч кандай тиешеси жок экендиги такталды. Эгер менин тууганым же иним болгон күндө дагы  кылмыш же тентектик кылса да өз жазасын алышы керек. Ал менин тууганым эмес, ал өзү кочкорлук жигит. Кыргызда таанышып сураштыра келсең эле тууган болуп чыгасың. Кыздар турмушка чыгат. Ошол сыяктуу эле менин эжелеримдин бири Кочкорого турмушка чыккан, бирок ал эже мурун эле каза болуп калган.Усупбаев ошол эжелеримдин туугандары болуп кетет экен. Мен бул кызматка келгенден мурун эле орган жаатында иштеп жүрүптүр. Ал жигит Чүй облустук милицияда иштеп, андан соң Бишкекке жиберилген экен.   Ал Бишкек ШИИБине орношкон жок. Бишкек ШИИБинин карамагында жүрүүнүн мөөнөтү аяктап кеткендигине байланыштуу ал милициянын катарынан четтетилген. Анан да кандайдыр бир кызыкчылыгы бар деп айтышпасын деп, министрибизге айтып кылмыш ишин тергөөнү жүргүзүү үчүн ИИМдин Башкы башкармалыгына билдиргенмин. Мен ага жардам берип жоопкерчиликтен кутултуп жиберүү туурасында  айтылган кептер чындыкка жатпайт. Кылмыш жасаган болсо ал мойну менен тартышы керек. Азыркы маалда бирөө менен ушакташып, акыйнек айтышканга убактым да жок.  Эртең менен 6дан тартып түнкү 10го чейин иштеп жатабыз. Мага туура сынды айтса уялып ошо кемчиликти оңдойлуу деп иштейм. Тилекке каршы. Айрым учурларда  туура эмес жана адамды таң калтыра турган маалыматтарды таратып жаткан учурлар болуп атат.

-Сиз жөнүндө маалымат таратып жүргөндөрдүн максаты эмнеде болушу мүмкүн? Бийликке жетпей жаткандарбы деги эле кимдер?

-Бийликке жетпей жаткандар эмес… Жок… бардыгы менден коркушат. Дагы чоңоюп кетпесин деп. Чоңоюп кетсе бардык былыктарыбызды чукуп чыкпасын, “маскаларыбызды” ачат деген негизде. Андай кишилер көп да. Биз далайынын “маскасын” ачпадыкпы. Бул жерде кимдин “почерктери” экени көрүнүп эле турбайбы… Чынын айтканда ИИМдин көпчүлүгүн тазаладык. Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу ИИМде эмгектенгендердин бетин ачтык, азыр да качып жүргөндөрү бар.  Алардын арасында жардам берип жүргөндөрүн жумуштан айдаганбыз. Булардан башка көрө албагандар көп. Бул жазылгандардын бардыгын окуганбыз. Мурда да ушул өңүттө маалымат тараткан, мунусунун кичине форматын өзгөртүптүр. Булар кимдер? Булар ар тармактан топтолгон атайын топ. Ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, мурда ИИМде иштеп кеткен кызматкерлер, саясатчылар ж.б. тармактын өкүлдөрү бар.

-Ушул сыяктуу каралоого барууга эмне себеп болушу мүмкүн?

-Колдорунан эч нерсе келбей жатат да анан ушундай кир иштерге барып жатышса керек. Коомго терс пикир жаратуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонууга өтүштү. Чындыкты чагылдырып келе жаткан журналисттер бул макаланы окуп туруп эле түшүнүп жатышат. Макаланы окуган окурман деле стилин карап туруп, ишенбейт. “Кара пиар” экенин түшүнүштү. Буга окшогон материалдарды толтура эле жазып жатышат. Мындан сырткар иштеп жаткан ишибизди көрө албай жаткандыгы да билинип турат. Шаардагы тартипсиздик, коопсуздук жагын колго алып, эффективдүү иш алып бара жатканыбызды шаар тургундар тарабынан айтыла баштады. Иштин жыйынтыгын айтып баштасам эле актанып же мактанып атат деп чыгышы толук мүмкүн. Ан үчүн элдерден сурамжылоо кылып анан тигилердин жазган макаласында айтылган кептерди салыштырса болот.

-Өзүңүздүн маектериңизде Бишкек ШИИБине келип калганыңызга өкүнбөстүгүңүздү айтыптырсыз. Ички иштер министрлигинин орун-басарлыган түшүп калганыңызга нааразы болгон жоксузбу?

-Жок. Бишкек шаарынын өзүнчө статусу бар. Мисалы, Кыргызстанда болуп аткан кылмыштын 40 пайыздан ашыгы дал ушул борбор калаабызда болот. Ал эми калгандарын  аймактарга бөлүштүрүп, эсептеп көрүңүз. Мындайча айтканда өлкөдө болуп жаткан кылмыштын жарымы Бишкекте болуп жатканын айтат. Шаарыбызда тынчтык болсо, тартип болсо анда жалпы Кыргызстанда тынчтык жана тартип болот деген сөз. Муну менен катар мекенибизде болуп жаткан чоң-чоң иш-чаранын дээрлик көбү ушул жерде болот. Митинг-пикет, нааразычылык акциялардын бардыгы борбор калаада өтөт. Анын үстүндө Бишкекте 21 жыл иштегем. Катардагы опер топтун кызматкеринен генералга чейин ушул жерден жеттик.  Шаардын коён жатагына чейин жакшы билем. Шаарда көйгөйлүү маселелер көп. Мен келип алып эле бардык маселени чече калдым жана чече калам деп айта албайм. Ушул убакытка чейин чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү анализдеп карап, кайсы кызматтарга кандай колдоо көрсөтүш керектигин аныктап чыгып иш алып баруу боюнча ой бар эле. Андан тышкары элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу максаты бар эле. Мына ушул айтылган максаттарды ишке ашыруу иш жүзүнө ашып келе жатат. Кылмыштуулук азайып, эл кичине милицияга ишенип, “милиция мени кордойт эмес, коргойт” деген ишенимдер пайда боло баштады. Кечкисин да көчөгө ээн-эркин басып калышты.  Мектептерде тартип болуп, жаңы конуштарда  участкалык инспекторлор өз ордунда болуп, элдердин көйгөйлүү маселеси менен бирге болууда. Мына ушундай шарттарды түзүү аракеттери менен милицияны элге жакындаттык. Негизинен милицияны элге жакындатуу үчүн ак жеринен жазаланып калбашы керек, так иликтегиле деп кулактарына куюп жатам. Жашоодо эмне жаман, ак жеринен караланган жаман. Канча жылдан бери бул көйгөй чечилбей келди эле…

Алдыда көп эле пландар бар. Мисалы, кылмыштуулуктун бетин ачуудагы көп тармактарыбыз бар жана аларды жакшыртуу боюнча. Бул боюнча да ар кандай анализдерибизди жасап, жол жоболорун иштеп чыгуудабыз. Муну дагы ишке ашырганда окурмандарга айтып беребиз. Андан тышкары “түнкү милиция”,  “милициянын таяныч пунктары”, “ коопсуз короо” жана  “коопсуз мектеп” долбоорлору натыйжалуу иштеп атат. Албетте каржы жагы тартыш болуп жатат, бирок, анысына карабастан алдыга койгон максатка жетүүгө белсенип келебиз.  Ушул сыяктуу иштерибизди көрө албай ар кандай чагымчыл иштерге барган кызматкерлерибиз же жарандарыбыз бар эмеспи…  Иштеген кишиде ар дайым катачылыктар боло берет, ал эми иштебесе кайдагы катачылык кетмек эле. Албетте, өтө чоң катачылыктар кеткен жок, майда-чүйдө катачылыктар кетип жатканын мойнубузга алышыбыз керек. Ал катачылыктарды жалпыга маалымдоо каражаттары деле жазып, айтып келе жатышат, ага карата да ал иштерди оңдоого аракеттерди жасоодобуз. Биз өзүбүздүн сайтыбызды ачтык, анда канчалаган терс көрүнүштөр болуп жатканы боюнча шаар тургундарынан маалыматтар келип турат. Сайт ачылгандан бери эле 30дан ашык билдирүүлөр келип түштү, биз ага карата чараларды колдонуп, каталарды оңдоого далалат кылуудабыз.

-Коомчулукта ““каралар” болбосо өлкө тартипсиздиктен тайып, башаламандыкка алдырышы мүмкүн” деген түшүнүк бар. Муну менен айтайын дегеним “каралардын” пайдасы барбы?

-Өзүңүз деле ойлосоңуз “каралар” деле кадимки кылмышкерлер. Алар кандай пайда тийгизиши мүмкүн. Андай ойлор кандай коомчулукта айтылат, ал башка кеп. Мисалы, Акаев, Бакиев бийлигинде  кылмыштуу топтор аралашып, башкарып келишти,  жакшы болдубу? Аягы жакшылык менен бүттүбү? Бүткөн жок.  Коомчулукта кылмышкерлер менен мамлекет биригип алып иш кылышат деген  пикир жок деп ойлойм. Туура, буга чейинки эки бийликте тең колдонуп келген. Ошондон калыптанып калган көз караш болушу мүмкүн. Бирок, азыркы бийлик буга жол бербейт.

-Милиция кызматкерлеринде коррупциялык иш аракеттердин гүлдөп жатканы айтылып келет? Буга кандай чараларды көрүп жатасыздар?

-Туура, корруциянын деңгээли жогору, беш кол тең эмес экен. Мындай көрүнүш болуп жатат. Албетте, жоюшубуз керек. Аны жоюш үчүн алгач айлык-акысын жогорулатуу керек. Болбосо эртең менен жумушка чыгып бара жатканда каржы жагынан көйгөй болбошу зарыл. Мамлекет тарабынан турак-жай ж.б. социалдык камсыздоо жагын колго алышы абзел. Ошондо гана паракорчулук азайышы мүмкүн.

Маектешкен Улукбек Кутманбаев

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru