Айбат » Батири да, машинеси дагы жок «кембагал» Түлеевдин байлыктары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Батири да, машинеси дагы жок «кембагал» Түлеевдин байлыктары

Түлеев

Ленин райондук соту тарабынан 11 жылга эркинен ажыратылган экс-мэр, «ата журтчу» депутат Нариман Түлеев өзүн «суудан таза, сүттөн акмын» эсептерин айтып актанууда. Бирок, бир окуядан улам анын «ууру тоерчо жеп, өлөөрчө карганат» ыкмасын мыкты колдонуп, өзүнө карата өкүм чыгарган сотторду жөнсүз каралап жатканын баамдайсын.

Нариман Ташполотович 2011-жылга карата толтурган декларациясында негизги жумуш ордунан 484 миң сом тапканын бадырайта жазган. Ал эми жумушунан тышкары 7 млн. 737 миң сом кирешеге туйтунган. Жакын туугандарынын жылдык кирешеси 25 млн. 234 миң сомду түзөрүн жашырган эмес. Бирок, декларацияда үстүндө үйү, астында машинеси жоктугун көрсөтүп, квартирада турарын айтып оозубузду ачырды. Ушундан улам Нариман мырзанын каратып туруп «беш өрдөгүн учурганы» көрүнүп турат. Себеби, ал маалымат каражаттары аркылуу башкалар манкасын тарта албай жүргөндө эле 1990-жылдары 100 млн. доллар жыйнаганын айтып мактанганы бар. Андан бери 20 жыл өтүптүр, эмне 100 млн. долларга бир батир сатып алганга жарабадыбы? Кичине калпты дагы ченеп ышкыртса болмок экен.

Алгачкы ханзаада Айдар Акаевдин этегине эрмешип жүрүп бизнесин түптөп, андан кийинки ханзаада Максим Бакиевдин жылуу колтугунан түнөк таап, эл арасында айтылып жүргөндөй 500 млн. доллар жыйнаган Нариман декларациясына бардыгын жаза бербеши аштан бышык. Эгер ал элден жашырбай жазганда, анда борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан «Караван» соода комплекси, «Таш-Рабат» жана «Рахат Пэлес» көңүл ачуучу борборлору, «Сапатком» компаниясы, Бөкөнбаев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тогуз кабаттуу үй, Эркиндик бульварындагы көп квартиралуу элиталык үйлөрүн көрсөтүшү керек болмок. Мынча байлыгын ачык жазгыдай Түлеев «келесоо» эмес да?

Нариман мырзанын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрыларын билдиришти. Андай болсо, анда шаардык соттун коллегиясы жогоруда биз санап өткөн имараттарды, көңүл ачуучу борборлорду, көп кабаттуу үйлөрдү, «Сапаткомдун» Түлеевге караштуу экенин далилдеп, конкреттүү чара колдонушу керек болот го?

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru