Айбат » Осунбек Жамансариев: «Чоң саясый фигураларга карата соттун камоо өкүмү көндүм боло элек…»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Осунбек Жамансариев: «Чоң саясый фигураларга карата соттун камоо өкүмү көндүм боло элек…»

- Бишкек шаарынын Ленин райондук соту экс-мэр Нариман Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан чечимин чыгарды. Соттун чечимине кандай пикирде калдыңыз?

– Бул жерде бир эле Нариман Түлеев эмес, аны менен бирге дагы бир нече жетекчилик кызматтарда иштеген адамдар 5, 10, 11, 13 жыл мөөнөттөргө кесилди. Мен алардын канчалык деңгээлде экономикалык кылмыштарды кылгандыгы боюнча толук маалыматым жок. Бирок, угуп жатканыбызга караганда олуттуу суммадагы зыян келтиришкен. Андыктан сот бул ишти терең иликтеп көрүп, анан ушундай чечимге келди деп ойлойм.

- Ушул эле соттун чечими боюнча эл өкүлү Туратбек Мадылбеков: «Бийликтин заказы болуп калды» деп чыкты. Буга канчалык деңгээлде негиз бар?

– Эч кандай негиз жок. Болгону буга чейин үлкөн кызматтарда иштеп келген депутаттарды, министрлерди эркинен ажыраткан чечимдер боло элек болчу. Ал эми азыркы тапта соттор толук эркиндик алып, чечимди акыйкаттуулук менен чыгарушууда. Мисалы, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду адегенде райондук сот актап жиберди эле, кийин шаардык сот туура чечим чыгарып беш жылга эркинен ажыратты. Эми болсо экс-мэр, учурдагы депутаты эркинен ажыраткан чечим чыгып отурат. Андыктан мындай көрүнүш көпчүлүгүн чоочутуп, көндүм иш болбой жатат. Бирок, мамлекеттин мүлкүнө кол салгандарга карата ушундай чечимдин чыкканы абдан туура деп эсептейм. Кийинки келе турган жетекчилерге да сабак болот. Эл дагы ушундай чечкиндүү кадамдарды күтүп турат. Мына ушундай чечимдерден улам саясый оюн жасагысы келгендер да жок эмес. Бийликке карата ар түрдүү аракеттерди жасап жаткандарга бүгүнкү бийлик ырайымдуулук менен мамиле жасап, ички дүйнөлөрү ойгонсун, ойлонушсун деген мамилени оппозиция жээгиндегилер да, айрым саясатчылар да туура эмес түшүнүп алышууда. Анан өздөрүнүн башында да кылмыш иштери айлана баштаса эле, азыркы бийликти кулатып, оппозицияга кошулуп кетүүнү көздөгөндөр бар. Бирок, мындайга жол бербеш керек.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru