Айбат » Алга Кылычев: «Нарындын эли дагы Түлеевге карата соттун өкүмүн туура кабыл алышты»

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Саясат » Алга Кылычев: «Нарындын эли дагы Түлеевге карата соттун өкүмүн туура кабыл алышты»

Алга Кылычев

- Бишкек шаарынын экс-жетекчиси Нариман Түлеевди Ленин райондук соту 11 жылга эркинен ажыраткан чечимин чыгарды. Өкүм туура болду деп ойлойсузбу?

– Айрым адамдар: «Түлеев мэр болуп турганда шаарыбызды көркүнө чыгарган эле» деп айтып калышат. Мындай пикирлердин да чындыгы бар. Аны ачык эле айтып коюу керек. Бирок, бир жагынан жакшы иш жасап, экинчи жагынан мамлекеттин казынасына кол сала бергенде болбойт. Миң жолу шаарды көрктөндүрсө дагы, Кытайдан автобустарды алып келем деп миллиондорду сол чөнтөккө соломой бул сенин, менин, биздин, балдарыбыздын акчаларына кол салгандык болуп эсептелет. Ошондуктан «Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста» деген кеп бар эмеспи. Экинчиден, «Нариман Түлеев ким эле?» деген суроону койгум келип турат. Бакиев муну адегенде «Кыргызтемирге» монополист катары алып барган. Түлеев ал жерде иштеп жатканда канчалаган түстүү темирлер Кыргызстандан чыгып кетти. Канчалаган завод-фабрикалар талкаланып жок болду. Убактылуу акчанын кызыкчылыгы үчүн жакшынакай эле иштей турган завод-фабрикаларды талкалап алдык. Акырында айыл-ападагылар короосундагы казанын да темирге өткөрө башташты. Андан кийин көчөлөрдөгү электр зымдарын уурдап сата башташты. Мунун бардыгы Нариман мырзанын ошол учурдагы «бизнесине» байланыштуу болгон. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин да билинет» деп коет кыргызда. Акыры билинип отурат. Анан дагы айрымдар: «Нариман Түлеев өзү бизнес кылып, байыган» деп айтышат. Кыргызстандын темирлеринин бардыгын Кытайга ташып атып баюу таза бизнес болуп эсептелеби? Ошол темирлерди өткөрөбүз деп канчалаган завод-фабрикалапр талкаланды? Эгерде ошентип талкалагандан көрө, жаңы завод-фабрикаларды куруп, аны ишке киргизген болсо башка кеп эле.

Түлеев өзү нарындык болот. Нарындык катары эт-сүт багытында завод курса, ошол анын таза эмгеги болуп эсептелмек. Азыр мен Нарынга барып эл аралап көрүп деле, Түлеевге карата чыгарылган соттун өкүмүнө нааразы болгондорду көргөн жокмун. Демек, эл дагы элдин байлыгына кол салгандарды колдобой калды. Андыктан соттун чечимин туура болду эсептейм. Бир убакта Курманбек Бакиевди «атам» деп жүргөн адамдын соттолуп кетерин ким ойлоптур? Эми коррупцияга каршы күрөш мындан ары дагы катуулай баштайт деп ойлойм.

- Түлеевге карата соттун чечимин «ата мекенчи» депутат Туратбек Мадылбеков «бийликтин заказы» деп атады. Эмне себептен минтип айтып жатат деп ойлойсуз?

– Ал түшүнүктүү эле, себеби анын да баласы жакында эле 9 жылга эркинен ажыратылган. Ошондон улам бүгүнкү бийликке тескери пикирлерин билдире баштады. Бирок, жеке кызыкчылык үчүн жалпы элдин кызыкчылыгындагы ишти токтотпош керек. Мындай пикирлер айтыла берет деп ойлойм.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru