Айбат » Коррупцияга каршы күрөштүн укуругу олигархтарга жетти…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Коррупцияга каршы күрөштүн укуругу олигархтарга жетти…

Түлеев

«Кыргыз бийлиги коррупцияга каршы күрөшүмүш этип, майда-чүдөй «чабактарды» гана кармап жатат. «Киттерге» тиши да өтпөйт, мамлекетти талап-тоноп, миллиондорду уурдагандар дагы деле эркиндикте сайрандап жүрүшөт» деп нааразыланып жаткан элек. Ал эми бийликтин коррупциянын тамырын кыркуу жараяны ооз жүзүндө айтылган кургак сөз эмес, чыныгы аракет экенин, «кусмайдын» кезеги «акула», «киттерге» да жеткенин турмуш өзү ырастады.

Ушул кезге чейин эл аралык бала асыроодо аттуу-баштуу чиновниктер акча жасаары айтылып келгени менен бир дагы факты тастыкталган эмес. Бирок, азыркы бийлик тушунда «кыңыр иш кырк жылда» эмес, жыл айланбай ачыкка чыгып калат экен. Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров эл аралык бала асыроодо коррупциялык иштерге барганы үчүн сот тарабынан күнөөсү далилденип, учурда темир тордо отурат. Бул сенсациялуу жаңылык коомчулукта кызуу талкууланып: «Министрлер деле камалат турбайбы» деген пикир жаралды.

Кезинде мамлекеттин, элдин байлыгын өзүнүн капчыгындай пайдаланып, өлкө казынасына суук колун салган бир нече депутатка кылмыш иши козголгону маалым. «Карга карганын көзүн чукубайт» сыңарындай, депутаттар кесиптештерин коргоп, алардын кол тийбестигин ажыратуу өтүнүчүн четке кагып келишет. «Жемейдин кусмайы бар» демекчи, депутаттар деле «колу менен кылганын мойну менен тартчу» заман орной баштаптыр. Мисал катары Бишкек шаарынын экс-жетекчиси, качкын президент Курманбек Бакиевдин «уулу», «ата журтчу» депутат Нариман Түлеевдин мэр кезинде Кытайдан алынып келинген 200 автобустан миллиондогон доллар өөнөгөнү тастыкталып, минтип Ленин райондук соту тарабынан 11 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кесилип, үй-мүлкү конфискацияланып отурат. Ошол эле сот өкүмүндө Түлеевдин жакындарына таандык мүлктөрдү мамлекетке өткөрүү керектиги жазылган. Мындан сырткары, Нариман Түлеев менен катар мэриянын мурдагы кызматкерлери эркинен ажыратылып, мамлекетке келтирген зыянды төлөө талабы коюлган.

Түлеевге карата чыгарылган чечим коомчулукта кызуу талкууланууда. Деген менен, көпчүлүгү бул чечимди колдоп чыгышты. Ошол эле ЖК депутаттары, мисалы, Ирина Карамушкина сот адилет өкүм окуганын, бул башкаларга сабак болушу керектигин билдирди. «Кыргызстанда биринчи жолу прецедент жаралды – элге, мамлекетке караштуу байлыкты уурдаган команда жазага тартылды. Бул мамлекеттик кызматта иштегендерге сигнал болду: «Абайлагыла, эртеби-кечпи акыры жазага тартыласыңар». Эгер байыгын келсе, мамлекеттик кызматта отурбашын керек» дейт ал.

«Кылмыш дүйнөсүн кынына киргизип, коррупцияны ооздуктайбыз» деп опурулган «Ата мекен» партиясынын Туратбек Мадылбековго окшогон өкүлдөрү тескерисинен «сийип», Түлеевге карата өкүлгөн өкүмдү бийликтин буюртмасы катары баалап жиберишти. Жол болсун дегибиз келет. Эмне үчүн Туратбек мырза партиялашы Равшан Сабиров камалганда позициясын так билдирбей, оозуна талкан сугунуп отурган эмеспи. Качан гана уулу Элдар Мадылбеков экс-ханзаада Максим Бакиевдин имаратын текейден арзан баада пулдаганы ашкереленип, тогуз жылга эркинен ажыратылган соң тил бүтүп, бийликти жөнсүз шыбаганына не дейсин? Анын үстүнө, Туратбек Мадылбеков партиялашы Райкан Төлөгөнов менен биргеликте апрель окуясында массалык талап-тоноочулукту уюштурду деп шектелип жатканын унутпайлы. Мындан улам: «Бүгүн Нариманды колдоп турайын, эгер кокусунан мага кезек жетсе анын туугандары мени коргоп чыгар» деген илгери үмүт менен ушундай кадам жасаганын боолгоолосок болобу?

Эмнеси болсо да коррупцияга каршы күрөшүү Р.Сабиров, Н.Түлеевдер менен чектелип калбашы керек. Бийлик аягына чейин туруп, мамлекеттик масштабдагы ууру-кескилерди, коррупционерлердин «жегичтигин» мойнуна коюп, мыйзам чегинде жазага тартса эл арасында аброю артары шексиз. Ошондо карапайым калк бүгүнкү бийликти колдоп, жеке кызыкчылыгын көздөгөн, Кыргызстаныбызды «куураткандан» башканы билбеген саясатчыларды, саясый топтордон жүзүн үйрүй баштайт…

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru