Айбат » 40 млн. сом карызга батырган “Кыргызкөмүр” жетекчисинин коррупциялык былыктары чыга баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » 40 млн. сом карызга батырган “Кыргызкөмүр” жетекчисинин коррупциялык былыктары чыга баштады

көмүр

«Кыргызкөмүр»  Мамлекеттик Ишканасынын башкы директору  болуп иштеп келе жаткан, “Айкөл Ала Тоо” уюму тарабынан көрсөтүлүп, жетекчи болгон  Асанбек  Молдокеев деген бар. Бул кызматка келип калганына бир топ болуп калганына карабастан ишинен бир майнап чыгарбастан, асманга “чыйт” түкүрүп кабинетинде, ар ким менен каткырыгы таш жара отурганы-отурган. Анткени, каткырыкты салып, ар ким менен ушакташып отургудай мекемеде убакыт жок экенин жакшы билсе да негедир баягы “басыгынан” жазбай келет.  Көрсө бул мырза жөн каткырбайт экен. “Зор” иштерди жасаары билине баштады. Мисалы,  2012-2013-жылкы жылуулук мезгилде одоно бузуулар болгонун, мамлекетке,  «Кыргызкөмүргө»  каржылык чоң зыян алып келгенин билип  туруп, ал күндөн бул күнгө чейин тилин жутуп алган эмедей отурат. Эң эле жөнөкөй мисалдардан келтире кетсек, ишти жөнгө сала албастыгынан, технологияны колдоно албастыктын кесепетинен, туура эмес жерлерди казуунун айынан  1 кубдук экскаватор (гусеничный)  жер көчкүнүн алдында калган.  Аны керек болсо видеосу менен тастыктап беребиз.

Ошону менен катар түзүлгөн келишимдерди сыйкырчысынан “сүф” дей калып өзгөртүү менен көмүр ташыган байкелерден ижара акыларына марып жүргөнү бар. Аны көмүр ташып жүргөндөр өздөрү тастыктап, далилдеп көзгө сайып көрсөтүп берет.

Учурунда бир дагы карьердик  самосвал иштеген эмес.  Көмүр ташуучулар жеке  техникаык каражаттары менен (ХОВО)  бир аз тазалоо жүрүп турчу экен. Өз кезегинде келишим түзүлүп, мекеменин короосунда  керектен чыккан техникалардан 10 миңдеген акча алып турган.

Андан тышкары, “Кыргызкөмүрдүн»  аппарат кызматкерлерине   апрель айына карата премия жаздырып, ошол учурдагы текшерүүгө алган аудиторлорго, салыкчыларга деп, 15-20 миңден кол койдуруп отуруп жалпы сумма  300 миң сомдойду сол чөнтөккө жымырган.

Кара-Кеченин «Централныйындын»  вахтасында   март айында   иш толугу менен үзгүлтүккө учурап, аягы токтогон. Иштебей турган аймактан эле андан кийинки ай толугу менен иш жүрдү деген жасалма табель түзө коюп, жумушчулардан кол койдурганын кандай түшүнсөк болот?  Ушул сыяктуу өзүмчүлдүк алкымы бузук жетекчилердин, мыйзамсыз иштеринен улам аталган мекеме  40 млн. сомго карызга батып отурат. Буга  окшогон адамдарды “колуңду тарт” деп колго шилей тургандар арабызда барбы? Бар болсо келгиле бул ишти жакшылап карап, өзүнчө чараларды көргүлө…

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru