Айбат » Түркия «Түрк» бажы союзун түзөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Түркия «Түрк» бажы союзун түзөт

WFL_069

Түрк тилдүү мамлекеттеринде эркин соодалашуу боюнча суроо Бакин саммитинде талкууга алына турган болду. Саммит август айынын орто ченинде түрк тилдүү мамлекет башчыларынын катышуусунда өтөт. Бул тууралуу Trend агентствосуна Түрк парламенттик ассамблеясынын жетекчиси Рамиль Гасанов билдирди.

Анын айтымында, бул суроо күндүн негизги маселелеринин катарында турат. Түрк тилдүү мамлекеттердин башчылары бул суроо боюнча чечим кабыл алгандан кийин парламенттик ассамблея аны дароо мыйзамдаштырат.

«Түрк Парламенттик Ассамблеясына Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан кирет. Казакстан бизге белгилүү болгондой эле Орусия, Белоруссия менен биргеликте Таможенный союздун мүчөсү болуп эсептелет. Ошол себептен Казакстан кандайча Түркия жана Азербайжан менен түзүлүп жаткан эркин соода аймагына катышууга ниеттенип жатканы түшүнүксүз болуп турат», – дейт ал.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru