Айбат » Пайзуллабек Рахмановдун сот иши 12-августка жылдырылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Пайзуллабек Рахмановдун сот иши 12-августка жылдырылды

Пайзулла

Мамлекеттик сатып алуу жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик агенттиктин экс-жетекчиси Пайзуллабек Рахмановдун сот иши 12-августка жылдырылды. Бул тууралуу Рахмановдун адвокаты Баки Кулдашев билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 1-августта прокуратуранын кызматкерлери негизги күбөлөрдү Бишкек шаардык сотуна келүүсүн камсыздай алышкан эмес. Ушундан улам адвокат сот коллегиясынан кошумча күбөлөрдү суракка алуу боюнча өтүнгөн. Тараптардын пикирин уккан сот Жамал Жусупова адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган. Бирок, сурак башталар алдында сот өз бир аз мурун чыгарган токтомун жокко чыгарган чечим кабыл алып, сот ишин кийинкиге калтырган. “Сот коллегиясынын аракети бизге түшүнүксүз. Менин жактоочумдун ишин сот үстүртөн карап жатат деп ойлойм”,- деди Кулдашев. Белгилей кетсек, райондук сот Рахмановду 12 жылга кескен болчу.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru