Айбат » Чаткалда кытайдын компаниясы алтын кенин иштетүүнү токтотту

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Чаткалда кытайдын компаниясы алтын кенин иштетүүнү токтотту

Чаткал

Чаткал районунда Кытайдын “Альянс” компаниясы Сары-Сай жеринде алтын алууну токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинен кабарлашты. “Өткөн аптада жергиликтүү калк менен болгон инциденттен кийин компаниянун өкүлдөрү кен алууну токтотууну чечишкен. Бүгүнкү күндө компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн комиссия түзүлүп жатат”,- дейт булак. Эскерте кетсек, тоо кен компаниясынын өкүлдөрү менен жергиликтүү жашоочулардын ортосундагы инцидент 23-июлда болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад областындагы өкмөттүн атайын дайындалган өкүлү Жусубали Торомаматов маалымдаган. Анын айтымында, чатак бири-бирин түшүнбөөчүлүктөн келип чыккан. Жергиликтүү жашоочулар ага пикир келишөөчүлүк компания менен ичүүчү суунун булганганы тууралуу сүйлөшүү маалында башталганын айтышкан. Жергиликтүү калк суу сактагычтагы суунун булганышы кен иштеткендер экологиялык нормаларды сактабагандан улам келип чыгып жатат деп нааразы болушкан.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru