Айбат » Геология агенттигине геолог эмес, “мент” жетекчи болду

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Геология агенттигине геолог эмес, “мент” жетекчи болду

Дүйшөнбек Зилалиев

Ошентип, башбакан Жантөрө Сатыбалдиев Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигине Дүйшөнбек Зилалиев деген жапжаңы жетекчини дайындады. Ал өмүрүндө бир да жолу геологиянын эшигин аттап көргөн эмес. Кесиби боюнча “кызыл шапкечен”, кийинчерээк алган “экономист” деген билими бар. Болгону менен бир да жерде иштеп көргөн эмес. Ошондуктан жетине албай 1-август күнү “буга чейин аны менен бир дагы геолог тааныш болгон эмес” деген маалыматтарды биринчи орунга чыгаруу менен агенттик маалымат таратты. Ал маалыматта  кесиптештери менен таанышкандыгы туурасында айтылат. Андан да жаңы келген жетекчини бир да геолог менен тааныш эместигин  айтып безеленишти. Геолог менен тааныш болбогондугун айтып жатканы коррупциялык схемаларга аралашпастан чын дилинен иштеп берет дегенди туюнтчудай маалымат таратып жатканы менен кеп анда эмес да. Кеп ишти кантип жөнгө сала алаарында. Бул агенттик бир да жолу жетекчиге жарыбагандыгын далилдеди. Буга чейин куулган жетекчи Ишимбай Чунуев дагы кулкунун кесепетинен иштен айдалып, кылмыш иши козголуп жатат. Ал эми  мурдагы жетекчиси Учкунбек Ташпаев дагы алкымынын бузуктугунан абактан жай тапты. Замирбек Эсенаманов деген жетекчисине дагы кылмыш иши козголуп үй камагында. Бул жаңы келген жетекчиси артынан даңкандары көрүнүп калган жетекчилердин жолун жолдобосо болгону деп тилек тилегенден башка эмнени айтасың… Ай ким билет, ким билет? Кадрдык “дефицит” маалында “кызыл шапкечен” акебиз жетекчи болгонуна караганда бир нерсени кыйратат го …

Айбат гезити



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. мени тим койсонор акыйкатчы деле болупалам так что не валнавайса вася

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru