Айбат » Жарандардын жыйындарда курал алып жүрүүсүнө тыюу салынды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жарандардын жыйындарда курал алып жүрүүсүнө тыюу салынды

пистолет

Мамлекет башчыАлмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-июнда кабыл алган. Ал жарандарга жыйындарды өткөрүү учурунда, алкоголдук, баңгилик же токсикоманиялык мас абалында, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоо уюмдарынын, алкоголдук азык-түлүк саткан коомдук тамактануу уюмдарынын аймагында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүгө тыюу салат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru