Айбат » “Кумтөрдүн” алтын эрежеси

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Кумтөрдүн” алтын эрежеси

 

кумтор1

Биотүрдүүлүктү сактап калуу – ишкананын  башкы максаттарынан

Бийик тоолуу Ысык-Көлдүн укмуштуу экосистемасы – кыргыз элинин гана байлыгы болбостон,  дүйнөлүк зор мааниге ээ.  Баарынан мурда – уникалдуу биотүрдүүлүктү сактап калган район. Бул – Кыргызстандын глобалдык экологиялык системага планетардык маанидеги чоң салымы. Табияттын тең салмактуулугун сактап турушу менен катар эле,  көлдүн уникалдуулугу – флора менен фаунанын негизги жашоосу болуп эсептелет. А бул болсо  өз кезегинде жергиликтүү калктын бакубаттуулугуна жана мамлекеттеги туризмдин өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.  Ысык-Көл улуттук мыйзамдардын жана Кыргызстан милдетти өзүнө алып ратификациялаган эл аралык Рамсар конвенциясы, биологиялык түрдүүлүктү сактоо  Конвенциясы жана башка дагы бир катар конвенциялар менен корголот.

Шахтын колунан келбей калганда, вазир жасоого аргасыз болот

Мамлекет өзүнүн келечек мууну жөнүндө ойлонуп, толгонбосо, аны энтузиасттар, жаратылышты коргоочу жергиликтүү жана эл аралык  коомдор өз мойнуна алууга туура келет.  Бул багыттагы түйшүктүү ишти ар бир кыймылы коомчулуктун тыкыр көз салуусунда турган ири компаниялар жасап келет.Тилекке каршы, алардын экология жаатында тынымсыз, күн сайын аткарган ири иштери адатта байкалбай калат. А бирок, кайсы бир жерден  жаза басып алса, анысы  болушунча терс маанайда жарнамаланып баштайт. Бул биздеги эле эмес, иштеген өлкөсүндөгү коомчулуктун жашоосуна байкаларлык  таасирин тийгизген ири өнөр жай ишканалары үчүн мүнөздүү болгон дүйнөлүк тенденция. Мисалы, “Кумтөрдү” алсак, ал Кыргызстандын өнөр жай тармагындагы талашсыз лидер ишкана. Муну менен катар эле көп жылдан бери саясий элита өкүлдөрүнүн ортосундагы соодага айланып, буга эми карапайым калк да аралашып кетти. Ызы-чуунун башы болуп жаткан келишим, үстөк пайыздар, Кыргызстан башкы акционери болгон – Центерраннын» биздин өлкө менен сүйлөшүүсүн   мындай коё туруп, тоо кен ишканаларына болгон мамилеге  курчап турган дүйнөнүн көзү менен баам салалычы.

Далилдөөнү талап кылган эки аксиомадан баштасак. Биринчиден, айлана-чөйрөгө таасирин тийгизбеген бир дагы өндүрүш болбойт. Анын эң жөнөкөй деген түрү да курчап турган чөйрөгө таасир этет. Буга ал тургай өтүкчүнүн күркөсү да, асемдүү зер буюмдардын дүкөнчөсү да кирет. Анда ири-ири ишканалар туурасында кеп кылбай койсо деле болот экен деген ой кетет.  Бирок, бул суроонун экинчи тарабы да бар. Жаратылыштын биринчи абалына келүүгө умтулуп, өзүн-өзү калыбына келтирүүчү касиети бар. Бул процесс экологиялык система таптакыр эле талкаланып, болбой калганча жүрө берет. Андыктан, ар бир өндүрүш абалды каргашалуу чекке, адам менен табияттын мамилелерин  аргасыздык ажырымга жеткирбеши керек.  “Кумтөр” компаниясынын саясаты  так, даана принциптер менен иштелип чыккан. Алардын бир багыты  – айлана-чөйрөнүн булганып жаткандыгын айтып, эскертүү жана компания өз өндүрүшүнүн  жаратылышка  терс таасирин болушунча азайтуу.

 

Ураандардан  ишке өтсөк

Айтылып жаткан принциптер түшүнүктүү деңизчи, ар бирок иш жүзүнө келгенде эмне болуп жатат? Айлана-чөйрөнү сактоо жана иштин коопсуздугу компаниядагы биринчи орундарда турган эң маанилүү маселелерден. Ишкана өз ишмердүүлүгүндө бир катар эл аралык каржы институттарынын экологиялык жана өнөр жай боюнча стандарттарын карманат. Кыргызстан менен Канададагы «Кумтор Оперейтинг Компани» бул тармактагы жана Дүйнөлүк Банк сунуштаган талаптарды кынтыксыз  аткарат. Өндүрүштө эки өлкө жана эл аралык институттар тарабынан сунушталган катуу тартиптеги нормативдер колдонулат.  Бул биздин өлкө үчүн уникалдуу факт, бирок, бизнестин эл аралык  имиджинин көз карашынан алганда өзүнүн ишине болгон кадыресе эле мамиле. Эл аралык эксперттердин, бейөкмөт уюмдардын жана журналисттерден түшкөн “десанттар” компаниянын идеологиясына камтылган принциптер иште тыкыр жана кыйшаюсуз аткарылгандыгына күбө болушту. Келишимде, макулдашууларда жазылган бардык принциптер, анын ичинде экологияны, айлана-чөйрөнү жана биотүрдүүлүктү сактоо  башка эл аралык бизнес-милдеттерди, эмгектин жана жумушчулардын коопсуздугун сактагандай эле сакталат. Ошондой эле жоопкерчиликтүү мамиле жасалат.

Албетте, компаниянын иши айлана-чөйрөгө таасир берет. Анткен менен адистер жана эл аралык эксперттер жаратылышта кырсык алып келүүчү олуттуу өзгөрүүлөр деле жок деген бирдиктүү пикирде. Муну райондун азыркы биотүрдүүлүгү бекемдейт. Эң кызыгы, кен иштеп баштагандан тарта,  жаныбарлар дүйнөсү менен өсүмдүктөрдүн түрү аз  болсо да көбөйгөн. Бул негизинен, “Кумтөрдүн” ага тиешелүү бардык концессиялык аянтында аңчылыкка тыюу салышынан жана  кен ишканасына чектешкен аймактарда малды жаюуну бир топ  кыскарткандыгынан улам болгон. Бирок, браконьерлик, жайыттарды аёосуз колдонуу, жерлерди айыл чарбачылыгында туш  келди пайдалануу жана бул көрүнүштөр менен күрөшүүдө жөнгө салынган ыкмалардын жетишсиздиги деген көйгөйлөр бар. Дал ушулар  Ысык-Көл биосфералык аймагындагы жана дегеле Тянь-Шандагы биотүрдүүлүктү камсыз кылуудагы биринчи  коркунучтардан болууда.

 

«Фауна жана Флора Интернешнл» эми “кылымдык сертификаты” менен  кепилдик берет

2012-жылдын ноябрь айында “Кумтөр” өнөктөштөк мамилелерди бекемдөө жаатында “Фауна жана  Флора Интернешнл” деп аталган эл аралык уюм менен Меморандумга кол койгон. 1903-жылы негизделген «Фауна жана Флора Интернешнл» (FFI) дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнүн аймагында иштеп жаткан  эң эски эл аралык жаратылышты  коргоочу уюм. Уюмдун ишмердүүлүгү жоголуп бара жаткан биологиялык түрлөрдү жана экосистемаларды коргоого, иштин так илимдин маалыматтарына негизделген экологиялык коопсуз ыкмаларын киргизүүгө багытталган. Бул абройлуу уюм биологиялык жактан коргоого алынган аймактагы адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга да умтулат.

Ошентип, Кыргызстандагы ири тоо кен компаниясы беделдүү эл аралык экологиялык аудитордун колдоосуна алына турган болду. Бул чоң милдеттерди   “Кумтөр” өзүнө билип туруп алды, облустагы биотүрдүүлүктү сактоо боюнча эми ага эл аралык колдоо көрсөтүлөт.  Айтмакчы, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Агенттик биздин өлкөнүн аймагында «Фауна жана Флора Интернешнл» уюмунун бул багыттары жасаган иштерин тааныды. Демек, муну биздин мамлекет тааныды деген кеп.  Эми алардын сунуштары менен берген баалары коомдук сертификацияга ээ болмокчу.

Албетте, “Кумтөрдүн” биотүрдүүлүктү сактоо маселесиндеги негизги камкордугу Сарычат-Эрташ коругу. Кендин концессиялык аймагына чектешип тургандыктан, мамлекеттик корук менен кызматташуу алкагындагы кеңейтилген программа иштелип чыгып ишке ашырылып жатат. Албетте, бардык программалардын  башында – ак илбирстердин тукумун көбөйтүү иши турат.  Бул өлкөнүн эле символу эмес, барс – аймактагы биотүрдүүлүктүн түйүнүнүн  ана башы. Илбирсти сактоо менен башка жаныбарлар дүйнөсүн да сактап кала алабыз. “Кумтөр” компаниясынын жетекчилиги жердин алдынан алтын казып алып жатканда да, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсү, акыр аягы келечек муундар туурасында унутпаш керектигин жакшы түшүнөт. Ошентип, бул алтын казган компаниянын негизги алтын эрежеси. Жогору жакта бийлик үчүн, бийлик алып келчү артыкчылыктар үчүн күрөш жүрүп жатканда бизнес өзүнө ушундай миссияны алды.

 

ф




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru