Айбат » Сот Турсунбай Бакир уулунун баласын 12 жылга кести

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сот Турсунбай Бакир уулунун баласын 12 жылга кести

Каныбек Бакиров ири өлчөмдө пара алган деп айыпталууда.

каныбек-бакиров

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Ибраев “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулунун баласы Каныбек Бакировду 12 жылга эркинен ажыратты. Ал буга чейин Баткен облусунун прокуратурасында тергөөчү болуп иштеген. Бул тууралуу “ВБ”га судья өзү билдирди.

Анын айтымында, 31-июлда сот Бакировго карата өкүм чыгарып, аны КР кылмыш жаза кодексинин “Ири өлчөмдө пара алуу” беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Сот Каныбек Бакировдун мүлкүн камакка алуу менен аны катуу режимдеги колонияга 12 жылга кести.

“Сот өкүмү күчүнө кире элек. 10 күндөн кийин гана Бакировду соттолду деп табууга болот”,- деди Ибраев.Эскертсек, Бакиров буга чейин да кармалган болчу. Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери Бакировду 2012-жылдын 11-августанда саат 11.30да баңгизатын колдонгон деген шек менен кармашкан болчу. ИИМ кармалган депутаттын баласы Каныбек Бакиров баңгизатын колдонгон деп билдирген болчу. Өз кезегинде Каныбек Бакиров “ВБ”га милиция кызматкерлери өздөрүн тааныштырбаганын айтып, жыйынтыгында эки тарап айтыша кеткендигин жана ички иштер башкармалгыныа алып келишкенин айткан болчу. Бул окуя тараптар жарашкандыктан жабылган болчу.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228312




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru