Айбат » Кургак учук оорусу быйыл көп катталууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кургак учук оорусу быйыл көп катталууда

тубэркулезКыргызстанда 2013-жылдын 6 айына карата кургак учук оорусуна байланыштуу 3110 окуя катталды. Бул тууралуу “Курч кармаган ичеги инфекциялары: абалы жана профилактика” деген темада өткөн тегерек столдо КР санэпидемкөзөмөлдөө департаментинин директору Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, туберкулездун көрсөткүчү жогору бойдон калууда. 2012-жылы кургак учук менен ооругандардын саны 3 068ге жетип, анын 350сү 14 жашка чейинки балдар болсо, үстүбүздөгү жылдын 6 ай ичинде эле 3 110 адам ( анын 303ү 14 жашка чейинки балдар) жетти. Кургак учук Чүй облусу менен Бишкек шаарында көп учурап жатат дейт Исаков.



Башка окшош макалалар:

2 комментарий

  1. Элнура:

    Кургак учуктан кантип айыкса болот мен былтыр Ош обласындага Толойкон айылында [БОКУКО] 6-ай жатып чыктым палычка бар дешкенинен бирок мен озумду озум жек коруп келем мен кургак учук м.н ооруйм деп курбуларымдын алдында озумду паска тебем ата-энемди кыйнабайн деп айтпайм ушул дартан кантип айыксам болот?

    • Б. Б.:

      Ооруну рентгендик текшерүүдөн өткөрүп, диагнозун аныктап врач дарылайт. Дарылоо учурунда оорулуу врачтын көзөмөлүндө болот. Дарылоодон жакшы болбогондорго хирургиялык жол сунуш кылынат. Аны аягына чыга дарылабаса ал дагы кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан кургак учукту дарылоо ар дайым диспансер аркылуу көзөмөлдө болуп, мекемелерде, ишканаларда болсо медициналык кызматкерлердин кароосунда турат. Кургак учук дартын табууда ар дайым эле рентгендик изилдөө колдонула бербейт. 12 жашка чейинки балдарды флюорографиялык изилдөөгө болбойт. Ошондуктан 12 жашка чейинки балдарда жана өспүрүмдөрдө кургак учук туберкулин менен изилденет. Биздин өлкөдө кургак учуктун алдын алуу үчүн атайын эмдөө (БЦЖ деп аталган) жүргүзүлөт. врач Вики Интернетовна

      Ал эми өзүңүздү жемелеп жатканыңыз туура эмес, себеп дегенде ооруну эчким тандабайт, башка түшсө анда кудайдын буйругу экен да, сыноо.. Эгер сиздин ооруңуз жугуштуу эмес стадияда болсо, тескерисинче эл менен аралышып, алардан кем калбай жашоого аракет кылыңыз. Кудай сизге ден-соолук берсин, эч качан чүнчүп, чөкпөңүз!

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru