Айбат » Нариман Түлеевдин адвокаттары 14-августтка чейин апелляция берет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нариман Түлеевдин адвокаттары 14-августтка чейин апелляция берет

убанычбек ташбалтаевНаримана Түлеевдин адвокаттары ага чыгарылган өкүмдүн көчүрмөсүн күтпөстөн 14-августтка чейин апелляция берет. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта “ВБ”га экс-мэрдин адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди.

Анын айтымында, адвокаттар азыркы учурга чейин Ленин райондук сотунан өкүмдүн көчүрмөсүн алыша элек. Бирок апелляциянын мөөнөтүн өткөрүп жибербеш үчүн ооз эки өкүмгө таянып, Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышат.

“Биздин колубуздагы болгон материалдарыбызга таянып апелляция беребиз. Ал эми шаардык сотто дагы кошумча материалдар болот”, – деди Ташбалтаев.

Эскерте кетсек, 29-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Нариман Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга кескен.

Мындан тышкары Бишкек жүргүнчү унаа транспорту ишканасынын мурдагы директору Медет Кожебергеновду 13 жылга күчөтүлгөн режимде мүлкүн конфискациялоо менен эркинен ажыратышты. Бишкектин мурдагы вице-мэри Валерий Корниенкону дагы күчөтүлгөн режимдеги абакка мүлкүн конфикациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарылды. Муниципалдык менчиктин мурдагы башчысы Руслан Бейшенбаевдин мүлкүн конфикациялап 10 жылга, мэриянын мамлекетти сатып алуулар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Беримбек Токтобековго 10 жыл, “Тазалык” мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыковго 5 жыл күчөтүлгөн режимде абакка кесүү тууралуу өкүм чыккан.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228320




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru