Айбат » Акыйкатчы кызматы үчүн 13 талапкер арыз берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Саясат » Акыйкатчы кызматы үчүн 13 талапкер арыз берди

кресло3-июлда Жогорку Кеңеш тарабынан КРнын акыйкатчысынын бош орду үчүн талапкерлерден арыздарды кабыл алуу башталган. Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, 5-августка карата акыйкатчы кызматы үчүн ат салышууну каалаган талапкерлердин саны 13 кишиге жетти.

 

Алар:

 

1.Нурлан Мотуев – жеке ишкер;

 

2.Рахатбек Касымалиев – К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинде юрист-консультант;

 

3.Рита Карасартова – Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти;

 

4.Асия Сасыкбаева – Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;

 

5.Чолпон Койчуманова – Улуттук илимдер академиясынын тарых институтунун илимий катчысы;

 

6.Дилшад Нажмидинов – Бишкек шаарынын ИИБинин Биринчи Май районундагы 8-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык инспектору;

 

7.Өмүрбек Рыскелдиев – юрист;

 

8.Мухтар Кожошев – КРнын акыйкатчысынын орун басары;

 

9.Акылбек Ташбулатов – “Ош облусунун юристтери”  коомдук уюмунун башкармалыгынын мүчөсү;

 

10.Досаалы Иманбердиев – Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын башкы илимий кызматкери;

 

11.Нурбек Токтакунов – “Прецедент өнөктөштүк топ” коомдук уюмунун директору;

 

12. Талант Бапаев – жеке жактоочу;

 

13. Кубан Адыл уулу – Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун прокурору.

Эске салсак, акыйкатчынын кызмат ордуна фракциялардан сунушталган талапкерлердин документтерин кабыл алуу 15-августта аяктайт.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru