Айбат » Сатыбалдиев Жети-Өгүз районунун акимдик кызматына жаңы талапкерлерди сунуштайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Сатыбалдиев Жети-Өгүз районунун акимдик кызматына жаңы талапкерлерди сунуштайт

жанторо сатыбалдиев Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда акимди шайлоо өнөктүгү болбой калгандыгына байланыштуу, аталган кызматка жаңы талапкерлерди сунушташы керек. Бул тууралуу “ВБ”га Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Өкмөт башчысынын жаңы талапкерлерди бир ай аралыгында аныктап чыгышы күтүлүүдө.

Эске салсак, аталган шайлоо өнөктүгүнүн болушу райондун мурунку акими Жаныбек Дүйшембиевдин кызматтан кетиши себеп болууда. Экс- аким “Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча жергиликтүү калктын нааразычылыгын жоюуда иштерди жеткиликтүү аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошогон.

Райондун акимчилик кызматына өкмөт 5 талапкерди көрсөткөн. Биринчи айлампанын жыйынтыгы менен Нурлан Алиев жана Канат Кожобаев ( 62 жана 65 добуш) жеңишке жетишкен. Ал эми жетиштиүү колдоо ала албагандар Камчыбек Кускаков, Болот Сулайманов жана Канатбек Супатаев болгон.

Акимди шайлоодо 223 депутаттан турган 13 айылдык кеңештин өкүлдөрү катышышы керек эле. Добуш берүүдө 190 депутат катышкан.

Жеңишке жетүү үчүн талапкерлер 50 добуш топтошу керек болчу (Башкача айтканда 112 депутаттын колдоосу керек). Экинчи айлампада Алиев 97 добуш, Кожобаев – 78 добуш алышкан. Баарына каршы 29 депутат добуш берген. Ошондой эле 3 бюллетень жараксыз деп табылган. Мындан улам шайлоо өткөн жок деп таанылды.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228379




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru