Айбат » Замирбек Эсенамановдун ишине байланыштуу соттук отурум 7-августта улантылат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Замирбек Эсенамановдун ишине байланыштуу соттук отурум 7-августта улантылат

замирбек эсенамановЖаратылыш ресурстары министрлигинин экс-жетекчиси Замирбек Эсенаманов жана ведомствонун дагы 6 жогорку кызматтагы чиновниктерине карта козголгон кылмыш ишин кароо 7-августта улантылат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта “ВБ”га Геология жана минералдык минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктен билдирди.

Эсенамановдун иши учурда Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Июнда бардык күбөлөр суракка алынып, соттук тергөөгө аяктаган. Июлда сот тараптардын жарыш сөзгө чыга тургандыгын билдирген, бирок соттук коллегияга төрагалык кылуучу судья Кымбат Архарова эс алууга кеткендиктен процесс убактылуу токтотулган.

Эскерте кетсек, 2013-жыдын 10-апрелинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жаратылыш ресурстары министрлинигин экс-жетекчиси Замирбек Эсенаманов тарабынан мыйзамсыз жол менен лицензиялар бергендигин аныктап, бул факт боюнча экс-министр жана башка чиновниктерге карата, “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Мыйзамсыз жол менен лицензия берүү” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228387



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru