Айбат » Жумгалдын Миң-Куш шаарчасындагы ооруканада 5-10 жылдан бери “хирург” дарыгери жок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалдын Миң-Куш шаарчасындагы ооруканада 5-10 жылдан бери “хирург” дарыгери жок

IMG_6038Нарын облусунун Жумгал районунун борбору Чаек айылынан 70-80 чакырым алыстыкта жайгашкан Миң-Куш айыл аймагында акыркы 5-10 жылдан бери хирург дарыгери жок. Бул тууралуу Миң-Куш айылынын тургундары ЖК Депутаты Д.Ниязалиева келип эл менен жолукканда билдиришти.

Айыл тургундарынын айтымында, ден-соолугу начарлап операция кылууга туура келген жаран 70-80 чакырым жолду басып өтүп райондун борбору Чаек айылына барууга туура келет. Жолдун начарлыгы менен айрым учурларда ар кандай кырдаалдар орун алып келет. Биздин айылдын ооруканасында жаш дарыгерлер жок, эмгек акылары аз ошондуктан келишпейт. «Хирург келгени менен 2 айдан кийин качып кетишет» — дейт айыл тургундары.

Бул кайрылууга Депутат менен кошо келген КРнын Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, 1 айдын ичинде «хирург» дарыгери келээрин билдирди.

Врач Олег Петрович, «мурда Миң-Кушта иштечүмүн, хирург кетип калган соң операция кабинети жабылып мен жумушум жок райондун борборуна барып иштөөгө аргасыз болдум, анын үстүндө бул жакта айлык акы аз, жакшы шарт түзүлүп эмгек акы көбөйтүлсө келмек элем кайра Миң-Кушка» — деди ал.

Ал эми жергиликтүү тургундар хирург дарыгери келгени менен операция бөлүмү иштебейт, иштеш үчүн медайымдар болуп кошумча дагы 4-5 штат ачылышы керек. Жылына бизде эң төмөн көрсөткүч менен айтканда 30-40 киши операция болот майда операциядарды айтпаганда. Азыр болбой эле райондун борборуна жиберип жатабыз, жеткени жетти жетпегени ортодо кыйналышууда дешет алар.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru