Айбат » Чыӊгызхандын «шакирттери» Жогорку Сотту дагы сатып алыштыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Чыӊгызхандын «шакирттери» Жогорку Сотту дагы сатып алыштыбы?

111111111111

Өткөн жылдын 3-октябрында бийликти көз көрүнөө басып алуучакырыгын таштап, 20 «желдети» менен Ак үйдүн кашаасынан секирип баратып алаасын тилдирип алган Камчыбек Ташиев , Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана алардын жансакчыларын Биринчи Май райондук соту 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле. Ал эми Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Чыӊгызхандын «шакирттерин» «суудан таза, сүттөн ак» кылып актаган өкүмүн окуганы коомчулуктун оозун Ошту караткан. Бул өкүмдүн жандырмагын маалымат каражаттары ар гандай чечмелешти. Кээлери соттор адилет чечим чыгарышканын айтышса, көпчүлүгү: «ОБОНчу аялдардын кысымынан коркуп, анан соттордун ар бири 300 миӊ долларды көргөндө кантип актап жибергенин аӊдабай калышыптыр» деп божомолдоп жиберишти. Ушул вариант карапайым калкты көбүрөөк ынандыргансыды.

Бирок, Башкы прокуратура шаардык соттун өкүмүнө макул болбой, Жогорку Сотко даттануу арызын жолдогону белгилүү. «Ата журтчулардын» атайын создуктурган оюнунун кесепетинен Жогорку Соттун отуруму алигиче толук кандуу өтө элек. Ошого карабастан, эл арасында «Ата журттун» депутаттары Жогорку Сотту сатып алыптыр имиши желдей тарады.

Албетте, мунун чын-бышыгына Жогорку Соттун өкүмүнөн кийин жетебиз. Бирок, «жел болбосо чөп башы кыймылдабасын» эске алсак, жогорудагыдай аӊыз тегин жерден жаралбаганын боолгоолойсуӊ. Эгер Жогорку Соттун коллегиясы Ташиев, Жапаров жана Мамытовду актап жиберсе, анда элдин сот бийлигине болгон ишеними таптакыр өчпөйбү? интернет булактарынан алынды.

 

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru