Айбат » Бакиевдин тушунда чечилген Көк-Сай темасы неге кайрадан козголот?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиевдин тушунда чечилген Көк-Сай темасы неге кайрадан козголот?

111111111111

Дүйшөмбү күнү өздөрүн Көк-Сай айылынын тургундарыбыз деген жарандар жана «Эркин Эл» партиясынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрдү. Алар Талас облусундагы эски доордон калган жер маселесин көтөрүп, жергиликтүү бийликти катуу сынга алды.

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы талаш маселелерди иликтеген көз карандысыз комиссиянын мүчөсү Эмир Парпиевдин айтымында, эки тараптуу жер алмашууга «Ак жол» партиясынын депутаттары жол ачкан экен. Ал белгилегендей, качкын президент Курманбек Бакиевдин желдеттери «добро» берген маселе учурда курч турат. «Буга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү туура эмес мамиле жасап жатат. Казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүргөндө көз карандысыз комиссиянынын өкүлдөрүн жолотпой жатат. Алар эптеп эле кыргыздын суулуу жерин казактын чөлүнө алмаштырууга шашылып жатат» дейт ал.

Бул маселе Бакиевдин доорунда эле пайда болгонун маалымат жыйындын катышуучулары мойнуна алды. «Эркин Эл» партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков бул чырлуу окуя көп жылдан бери чечилбей жатканын айтып, маселенин курчушу бүгүнкү күнгө туш болгонун белгилейт. Бирок, маалымат жыйынын өткөрүп жаткандардын максаты жер маселеси эместей өңдөнөт. Анткени, алардын аракетинде санаалашы, баңгизат менен кармалган Абдумалик Турсункуловду актоо максаты байкалат. Анын үстүнө: «Көк-Сай темасы мурда эле чечилген экен. Неге азыр көтөрүлүп жатат? Бул кырдаалды курчутуу максатында жөн гана шылтоо болуп берген жокпу?» деген суроого жыйындын катышуучулары кайпактата так жооп узата алышкан жок

Анүстүнө аталган айылдын тегерек четинде кендир (конопля) талаалары кеңири жайылып өсүп, айрым жергиликтүү элдин негизги бизнесинин өзөгүн түзөт деген кептер жөн жерден чыкпагандай..

Адистердин айтымында, эки тараптуу жер алмашууга мурдагы бийлик тушунда чекит коюлган экен. Демек, бул эчак чечилген маселе. Ошон үчүн, айрым саясатчылар, саясый топтор эчак чечилген көйгөйдү козгоп, карапайым калкты калп эле удургутуп, жаңыдан турукташып келаткан кырдаалды дестабилдештирүү максатын койгону байкалып турат… интернет булактарынан алынды.

 

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru