Айбат » Белгилүү журналист Назаркул Жоошбаевдин автоунаасын сүзүп кеткен кылмышкерлер колго түшө элек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Кылмыш » Белгилүү журналист Назаркул Жоошбаевдин автоунаасын сүзүп кеткен кылмышкерлер колго түшө элек

     Бул туурасында Назаркул Жоошбаев “Айбат” гезитине билдирди.

назаркул111               Анын айтуусуна караганда, 2-август күнү Бишкек шаарынын түштүк магистрал көчөсү менен Тынаев көчөлөрүнүн кесилишинде күндүзгү саат 15тер чамасында бирөөнү күтүп турган мезгилинде Audi 100  маркасындагы B 83 42 номурлуу автоунаанын ээси журналисттин Seat Toledo үлгүсүндөгү  B 94 67 AE  номурлуу автоунаасын 20 метр алыс аралыкта турганына карабастан алдынан уруп, качып  кетүүгө жетишкен. Ал убакта журналист айдоочунун артынан кубалап, машинасынын эшигине асылып калганында жерге түртө салып оозго алгыс сөздөр менен келекелеген.  “Ошол замат жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлерин чакырып, алар 35-40 мүнөт аралыгында келген. Окуя болгон жерге келген МАИ кызматкерлери эч кандай чара көрбөстөн Республикалык жана Бишкек шаардык жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына арыз менен кайрылаарын айтып, болбосо машинаңды унаатоктотмо жайга алып бараарын айтышты. Анысына макул болуп, тиешелүү жерлерге арыз таштадым ” дейт журналист Н. Жоошбаев.

               Ошондой эле журналист Назаркул Жоошбаев азыркы маалга чейин оңду жооп болбой жатканын жана убакыттын өтүп кетиши менен бул иштин бети ачылаарына күмөн бар экенин кошумчалады.

              Муну менен катар кандайдыр бир деңгээлде атайын буйрутма болушун, муну жөн гана белги катары жасап жатканын айтты.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru