Айбат » Жумгалда учурда 160 кытай жараны иштеп атса, кийин 600 жаран ишке тартылат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда учурда 160 кытай жараны иштеп атса, кийин 600 жаран ишке тартылат

E4ABF9FF-D9BA-4CC2-B637-0034A629A174_mw1024_n_sУчурда Нарын облусунун Жумгал районунда Кытайдын “ТВЕА” энергетикалык корпорациясы тарабынан 163 кытай жараны бул райондун аймагынан өтө турган «Датка-Кемин» подстанцияларын жана электр линияларын куруу иштерине тартылып иштеп жатышат. Мындай маалымат Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан алынды.

Аталган компания тарабынан келген Кытай жарандары учурда Жумгал районунун Ак-Татыр, Баш-Кууганды айылдарында жана тоо этектерде жашап келишет. «Датка-Кемин» подстанцияларын жана электр линиялары болуп 500 кВ чыңалуудагы электр тармактары тартылат.

Эске салсак, Жумгал районунун аймагына Кызарт айылынан, Сарыкамыш айылын көздөй, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна чейин чыңалуу линиясы тартылат, жалпысынан болжолдуу 240 чакырым жерде иштер жүрөт.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru