Айбат » Ак-Талаа районуна министр Д.Сагинбаева 1 жаңы “рентген” аппаратын жана 1 тез жардам унаасын алып берүүгө убада берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ак-Талаа районуна министр Д.Сагинбаева 1 жаңы “рентген” аппаратын жана 1 тез жардам унаасын алып берүүгө убада берди

Ак-Талаа Д.Ниязалиева2013-жылдын 2-августунда ЖКнын депутаты Д.Ниязалиева иш сапары менен Нарын облусунун Ак-Талаа районуда болуп жергиликтүү тургундар менен жолукту. Бул туурасында Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан башкы адис Болот Акуналиев билдирди.

Анын берген маалыматында, бул күнү Депутат менен кошо Социалдык жактан өнүгүү министрлигинин орун басары Эрик Куйкеев, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Таалайбек Эшалиев, Социалдык фондунун башчысынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров жана Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимовалар келишкен.

Ак-Талаа районунда болгон жолугушууда райондун калкы эл өкүлдөрүнө бир катар орчундуу суроолорду беришип, жумушсуздук, пенсия, пособия жактан кыйын акыбалда экендиктерин жана өкмөт электр энергиясына болгон төлөмдү жогорулатпашын суранышкан.

“Жыйындын соңунда Д.Ниязалиева райондун аймагындагы 8 жардамга муктаж үй-бүлөгө 10 миң сомдон жардам берсе, министр Д.Сагинбаева райондук ооруканада болуп, оорукананын абалы менен таанышып жыл этегине чейин 1 жаңы үлгүдөгү “рентген” аппараты менен 1 тез жардам автоунаасын берерин убада кылды” – дейт Б.Акуналиев.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru