Айбат » Жогорку сот «Ата Журт» фракциясынын үч депутатын бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айыптуу деп тапты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Жогорку сот «Ата Журт» фракциясынын үч депутатын бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча айыптуу деп тапты

жогорку сот

Судья Жакып Абдрахмановдун төрагалыгы астындагы Жогорку соттун соттук коллегиясы бүгүн, 6-августта түнгө жакын «Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун иши боюнча чечимди чыгарды.

Соттук коллегия экинчи инстанциянын – Бишкек шаардык сотунун актоо өкүмүн толугу менен жокко чыгарды.

С.Жапаровго жана К.Ташиевге карата бирични инстанциянын – Биринчи май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси жана 295-беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Аларга 1 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечими чыккан, Жогорку сот аталган мөөнөттү 1 жыл 5 айга кыскартуу токтомун кабыл алды.

Муну менен К.Ташиев жана С.Жапаров абакта камоо мөөнөтү аяктагынан байланышттуу эркиндикте калды.

Т.Мамытов жана үч жансакчыга карата Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды. Мамытов жана жансакчылар эркиндикте калышты (мурда 1 жылдардан эркинен ажыратылган).

Мындай өңүттө, бардык соттолуучулар – К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов жана жансакчылар Саирбек Кадырбаев, Канатбек Камчыбеков жана Бекзат Исаев бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо беренеси менен күнөөлүү деп табылды.

Соттук процесске депутаттардан Т.Мамытов эле катышты.

Эске салсак, 2012-жылдын 3-октябында Бишкекте 400дөй адам Кумтөрдү улутташтыруу боюнча митингге чыгышкан. Депутат К.Ташиев митингчилерди Акүйгө барып, бийликти басып алуу чакырыгын жасаган. Акүйгө жулунуп кирүү аракетинде алар укук коргоо органдары тарабынан куулган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ушул жылдын 29-мартында үч депутатты Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренеси аркылуу 295-беренеси менен күнөөлүү деп таап, 1 жыл 6 айга эркининен ажыраткан. Ушул эле кодекстин 56-беренесин колдонуу менен К.Кожоналиевди бардык беренелер боюнча актап чыккан, Ташиевдин жансакчылары бир жылга эркинен ажыратылган.

17-июнда судья Курманакун Зулушевдин төрагалыгы астындагы Бишкек шаардык сотунун коллегиясы, бул ишти карап, «атажуртчу» депутаттарды акталып, сот залынан бошотулган.

16- июлда кылмыш ишин кароо боюнча Жогорку сотто биринчи отурум өтүшү керек болчу, бирок, К.Ташиевдин жансакчыларынын адвокаттары кылмыш ишинин материалдарын толук окуп чыгуу үчүн сот процессин бир айга жылдырып туру өтүнүч арызын берген. Буга судьялар, кылмыш ишинин 17 томдон турган материалдары менен толук таанышып чыгууга адвокаттарга 6-августка чейин убакыт берген.

 

Булак : Баракелде

 



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. туй ата ушуну кормок, эрендер… Буларды ээрчип журуп, булардан умут узгондор башкаларга биригип кетпесе болду

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru