Айбат » Жумгалда 36 га жерде өсүп жаткан 16 тонна жапайы кара куурайы жок кылынды (фото)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда 36 га жерде өсүп жаткан 16 тонна жапайы кара куурайы жок кылынды (фото)

DCIM100MEDIAНарын облусунун Жумгал районундагы 14 аймакта өсүп келген жалпы 36 гектар жердеги банги зат өсүмдүгү болгон жапайы кара куурай чабылып жок кылынды.

Үстүбүздөгү жылдын июль айынан бери УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жана Жумгал РИИБ, Эмгек жана иш менен касыздоо бөлүмү, райондук мамадминистрация менен биргеликте, жергиликтүү элдин жардамы менен аталган аймактарда жапайы кара куурай өсүмдүгү жеринен чабылып, 16 тонна куурай өрттөлүп жок кылынды.

Жумгал РИИБнин башчысы Д.Исаковдун айтымында, учурда, жалпы район боюнча 36 гектар жерде жапайы кара куурай чабылды. Алсак, райондун Кабак айыл өкмөтүнө караштуу Ноот, Сары-Булуң аймагында 6 гектар жер, Кара-Чий, Өрнөк, Кең-Суу – 10 гектар, Көк-Ой айыл аймагына караштуу Туюк-Суу, Кырчын, Көбүк, Эмел, Кашка-Суу, Муз аймактарында 9 гектар, Миң-Куш аймагына караштуу Боздоң-Кайың, Маринка аймагынан 11 гектар жердеги кара куурайлар жок кылынды.

«Район ичиндеги аймактарда өсүп келген жапайы кара куурайларды жок кылуу аракети жыл сайын эле болуп келет, жылына чаап, жылына өрттөп келебиз, Жумгал РИИБнин кызматкерлери тарабынан аймактар текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат», – дейт Жумгал РИИБнин башчысы.

DCIM100MEDIA DCIM100MEDIA

 

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru