Айбат » Ак-Талаа районуна 6 айда 31 млн 160 миң 700 сом инвестиция тартылган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ак-Талаа районуна 6 айда 31 млн 160 миң 700 сом инвестиция тартылган

f_11Нарын облусунун Ак-Талаа районунда ушул жылдын 6 айында тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 31 млн 160 миң 700 сомду түздү. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук мамадминистрациянын жарым жылдык отчетунда айтылды.

Маалыматка таянсак, райондун ички инвестициясы 2 млн 750 миң 406 сом болсо, тышкы инвестиция 28 млн 410 миң 294 сомго жеткен, башкача айтканда, өткөн жылга салыштырмалуу бул жылы инвестиция 13 млн 638 миң сомго көп тартылган.

Мындан тышкары, маалыматта айтылгандай, 2012-жылы Кара-Бүргөн айылындагы клубдун капиталдык ремонтуна үлүштүк гранттан 1 млн 874 миң сом бөлүнүп, бирок ушу кезге чейин оңдоп-түзөө иштери бүтпөй турса, Терек айылындагы коомдук мончого да 2 млн 176 миң сомго долбоор жазылып, 1 млн 966 миң сом акча каражаты келип, эмдигиче курулуш иштери бүтпөй келет.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru