Айбат » Нарын облусунда мергенчилик жүргүзүүгө карата нааразычылыктар айтыла баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Нарын облусунда мергенчилик жүргүзүүгө карата нааразычылыктар айтыла баштады

охотникНарын облусунун аймагында чет жарандар үчүн аңчылык-мергенчилик чарбаны жүргүзүү мыйзамсыз өткөрүлүүдө. Бул тууралуу «Тянь-Шань аутфиттинг» ЖЧКнын аткаруучу жетекчиси Азатбек Ысаков билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы Күмөндөр Усуптегин.

А.Ысаковдун айтымында, мындай мыйзамсыздык 2008-жылы дагы болгон. «2008-жылы Нарын облусунун жайыт жерлери облустук администрация тарабынан 5 жылга мыйзамсыз, конкурстук негизде эмес, 34 мергенчилик чарбаларга берилип кеткен. Быйыл Нарын облусунда аңчылык субьектилердин мергенчилик жүргүзүүгө жайыт жерлерди колдонуу мөөнөтү бүттү», – дейт ал.

Ал билдиргендей, бул фирмалардын мөөнөтүн эч ким узартпагандыктан, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн ушул жылдын 20-июнунда мыйзамсыз №209 буйругу чыккан. «Аталган буйрук КРнын «Жаныбарлар жөнүндө», «Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдарга туура келбейт. Бирок конкурс өткөрүлүп, анда мурунку мыйзамсыз алган фирмалардын 90% кайра эле жер алышты. Мыйзамсыз жасалып жаткан иштерге ким бөгөт коёт. Анда облус эли КРнын мыйзам, токтомдорун карабай, облустун мыйзамсыз жоболорунун негизинде жашайбызбы деген суроо туулат», -дейт А.Ысаков.

Бул боюнча, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Эмилбек Алымкуловдун айтымында, чет элдик мергенчилик жасалуучу алыскы жайыттар бир нече айыл өкмөттөргө туура келет. Ошол эле убакта бир фирманын жери бир нече айыл өкмөттөрдүн жерлерин камтыйт. «Ошондуктан баарысын бириктирип бир жерден өткөрүүгө шарт түзүп бердик. Мисалы, буга чейин ошол фирмаларга жерлерди берүү тууралуу дегеле жобо жок экен. Аны иштеп чыгып, айыл өкмөттөрдү катыштырып, алардын макулдуктары менен гана жетиштүү деп табылган талапкерлерге жер аянттары бөлүштүрүлүп берилди», – дейт Э.Алымкулов.

Булак : Баракелде



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru