Айбат » Ала-Букада чек ара бекемделүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ала-Букада чек ара бекемделүүдө

граница22222Жалал-Абад областынын аймактары кошуна Өзбекстан өлкөсү менен бир топ жерлерде чектешип, айрым жерлеринде чек аралар такталган болсо, айрым жерлери ушул күнгө чейин такталбай келет. Ушул такталбаган чек аралардын кесепетинен эки элдин чек арачылары, айрым учурларда жөнөкөй жарандардын ортосунда чыр-чатактар катталган учурлар кездешет. Айрым учурларда кандуу окуялар менен да коштолууда. Эң акыркы мисал кыргыз-өзбек чек арачыларынын атышуулары өзбек тараптын эки жоокеринин өлүмү менен коштолду. Албетте эки тарап бирин бири күнөөлөп, ар ким өзүнүн ак экендигин аныктоо менен алек. Кандай болгон күндө да негизги маселе чек аралардын такталбагандыгында экендиги талашсыз. Элдин үмүтү бийликтен өтө чоң болуп, «качан бийлик коопсуз жашоо тартуулайт?» деп күн кечиришүүдө. Бүгүнкү күнү Жалал-Абад областы Өзбекстан Республикасы менен Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районундагы айрым айылдары менен чектешип, бирок Аксы жана Ала-Бука райондорундагы айрым участоктор ушул күндөрү тактала элек. Ал эми Ала -Бука районундагы Актам айылындагы чек араларда учурда Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы бекемдөө иштерин жүргүзүүдө. Тагыраак айтканда Өзбекстан менен такталган жерлерин зым торлор менен тосуп жатканына күбө болдук. Ошону менен эле зым тор менен тосулуп жаткан участоктордун айрым жерлери тосулбай турат. Жергиликтүү жашоочулардын маалыматында бул жерлер такталып,, аныкталбагандыктан, зым тор менен тосулбаган экен. Эң кызыгы, Ала -Бука районунун Актам айылындагы чек аранын айрым участоктору Кербен-Ала-Бука авто жолунан 4-5 метр эле аралыктагы жакындыкта өтөт экен. Чек аранын орточо аралыгы авто трассадан 100 метр аралыкты түзөт.

Мамлекетибиз бул аймактарда чек араны зым тор менен тосуп, бекемдеп жатканын жергиликтүү калк колдоодо. Анткени, чек араны зым тосмо менен тосуу менен эң негизгиси мал уурулук жана кошуна мамлекеттин жашоочуларынын биздин жайыттарды бекер пайдаланбоо маселеси чечилет дешүүдө. Эми такталбаган айрым участокторду тезирээк тактап, ушинтип бекемдеп берүүсүн күтүшүүдө. Кошуна мамлекеттер менен чак араларды аныктоо, тактоо иштери бир канча жылдар бою жүргүзүлүп келет. Бирок, натыйжасын карапайым калк жон териси менен сезе элек. Демек, иш натыйжасыз жүрүп жатат десек жаңылышпайбыз. Бул ишти аткарууда бийликке бекем күч-кубат тилеп туралы.

 

Булак: “Алиби” (М.Т)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru