Айбат » Кыргызстандын тоо кен тармагы биротоло коррупцияга батып, андан чыгуунун жолу көрүнбөйт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстандын тоо кен тармагы биротоло коррупцияга батып, андан чыгуунун жолу көрүнбөйт?

FFFFFМышык ыйлаарлык абал

Канадалык Фрейзер институтунун изилдөөчүлөрү жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстан тоо кен тармагынын инвестициялык ыңгайлуулугу боюнча 93 өлкөнүн ичинен аркасынан санаганда 5-орунду ээлептир. Бизден кийинки орундарда Индонезия, Вьетнам, Венесуэла жана Конго экен.”Жаратылыш байлыктарыбыздын жалпы баасы 60 триллион доллар (дүйнөнүн бир жылдык ИДПсы), ал эми тоо кен тармагында 600 млрд. долларлык запастар бар” (алардын кандай сын-ченемдерге негизденишкендери белгисиз)  деп айрымдар ашкере оптимисттик билдирүүлөрдү таркатышкан менен Кумтөрдөн башка кендердин үзүрлөрүн деле көрө элекпиз. Эмне үчүн?

Кыргызстандын тоо-кен тармагынын негизин көмүр кендери түзөт. Анын Өзгөн, Кара-Кече бассейндериндеги, башка жерлердеги болжолдуу жалпы кору 3-4 млрд. тоннаны түзөт. Республика өзүн гана эмес, Борбордук Азияны 300-400 жылга көмүр менен камсыз кыла алат дегендин негизи бар. Бирок көмүр өнөр-жайынын кыймылдаткыч күчү катарында өткөн кылымдын ортосунда же нефти массалык түрдө өздөштүрүлө баштаганда эле өз маанисин жоготкон. Көмүр кендерин өзүбүз ички керектөөлөргө эле пайдаланбасак, анын экспорттук мааниси жокко эсе. Азыраак аймактык мааниси болсо, ал да жылдан жылга төмөндөп баратат. Анткени кошуналарыбызда да көмүр кендери жетишерлик. Жетишпегендери мындан ары ГЭСтерге (Тажикстан), АЭСтерге (Кытай, Казакстан) басым жасаганы жатышат. Мисалы, Кытай келечекте 60ка жакын АЭСти ишке киргизүүнү пландаштырды. Казакстанда да бул багыттагы иштер башталды. Демек, өткөн кылымдын орто чениндеги “Орто Азиянын кочегары” дегендей  имиджге кайрадан ээ боло албайбыз. Ошондуктан биздеги ар аймакта ашыгы менен кездешкен көмүр кендерине инвесторлор таптакыр кызыкпай калышты.  Азырынча Орусиялык инвесторлордун Кара-Кечеге ТЭЦ куруу тууралуу долбоору  эле болбосо, Өзгөн, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак сыяктуу сапаттуу корлору бар көмүр кендеринин бир бөлүгү өткөн кылымдын 20-30-жылдарындагыдай кустарлык-мануфактуралык жол менен ички керектөөлөрдүн бир бөлүгүн канааттандыруу үчүн  өздөштүрүлүп атат. Ал эми ТЭЦтерди иштетүүгө Казакстандын көмүрлөрү импорттолот. Отундун ордосунда отуруп алып, отунду импорттогонубуз эле бизде тоо кен тармагынын айыл чарбасындай эле мышык ыйлагыдай абалга келип калгандыгын айгинелейт. Себеби бизде көз карандысыздыкка ээ болгондон бери экономикада жаратман эмес, кыйратуучу саясат жүргүзүлдү. Биринчи бийлик коррупционерлердин эч ким жеңе алгыс армиясын тарбиялап, өстүрүп берип кетсе, кийинки бийликтегилер аны өнүктүрүштү. Азыркы бийлик аны ооздуктоого аздыр-көптүр аракет жасап жатканы  менен  күчү жетпей жатат. Жакын ортодо жетиши да кыйын. Анткени чырмоок биротоло каптап кеткен талааны андан арылтуу үчүн химикаттарды чачып бир сыйра ууландыруу талап кылынгандай эле тармакты баш аягына чейин чырмап алган илдеттен арылтуу үчүн  анча-мынча алсыз аракеттер эмес, экстра кардиналдык мүнөздөгү катаал чаралар талап кылынат. Либералдуу демократиялык, парламенттик формадагы башкарууда аны жүзөгө ашырууга таптакыр мүмкүн эмес. “Чырмоокту” жок кылгысы келгендердин өздөрүн чырмоок оңой эле чырмап алып, заматта тумчуктуруп жок кылып коет. Биздин тоо кен тармагынын гана эмес, экономикабыздын калган тармактарынын да илгерилебей жаткандыгынын негизги себеби ушунда. Коррупцияны ооздуктамайынча экономика анын барымтасында алга жылбастыгын жөнөкөй жарандан тартып президентке чейинкилер жакшы  түшүнөт. Бирок аны ооздуктоого азыркыдай системада эч кимдин алы жетпейт. Ошондон улам инвестициялык кырдаалды жакшыртуу боюнча жакшы эле нормативдик актылар кабыл алынып, сандаган талкуулар өткөрүлгөнү  менен “араба” алга жылбай, рейтингибиз төмөндөгөндөн төмөндөп баратат.

“Шапкелерге” тумчуккан тармак

Айрым адистер айтып жүрүшкөндөй, бизде Менделеевдин таблицасындагы бардык кен байлыктар бар. Алтын кендерибиздин чалгынданып, болжолдуу корлору аныкталгандары 100гө жакын. Алтындан сырткары күмүш, коло, калай, темир, уран, вольфрам, молибден сыяктуу  ж.б. кендер да жетишерлик. Булардын ичинен түстүү жана сейрек кездешүүчү  металлдардын кендери гана инвесторлордун кызыгууларын жаратат. Бирок  Кумтөрдөн башка кендерден бюджетке сезилерлик киреше түшпөй жатат. Себеби эмнеде?

Биринчи президенттин тушунда кендерди иштетүүгө лицензиялар канчалык арзан берилсе, инвесторлор ошончолук көп келишип, өздөштүрүү тез жүргүзүлөт деген саясатта ал лицензияны 300 сомдон сатуу тартиби киргизилген. Көрсө, ал иш жүзүндө тармакты толук баш аламандыкка учуратып, айрымдарды лицензияларды берүүнүн эсебинен байытуу максатында ишке ашырылган чара экендигин турмуш көрсөттү.  Биринчиден, ит бекер болгондон кийин кендерди иштетүүгө каражаттары барлар, реквизиттеринен башка эч нерселери жоктор деле лицензияларды алууга (азыр ачыкка чыгып жаткандай кийин бирөөлөргө бир нече миллион долларага кайра сатуу максатында)  аракеттенишсе, экинчиден, бир эле кенге бир эмес, бир нече жолудан лицензияларды берип, аларды көзөмөлдөгөндөргө “шапкелерди” көбүрөөк алууга гана жол ачат экен. Мисалы, лицензияны алган кандай юридикалык жак болбосун бюджетке 300 сом төлөгөндөн сырткары уруксат бергендер үчүн 100 миң доллардан кем эмес “шапкеси” болмоюнча эч кимге эч нерсе берилбейт дешет. Бул  ойдон чыгаргандар эмес, көз карандысыз уюмдар, эксперттер жадабай кайталап айтып жаткандар.

Адатта дүйнөлүк аты бар чоң компаниялар андай ыпластыктарга барышпайт, өздөрүнүн имидждерин булгагандан чочулашат, андай шартка афералык жолдорго башынан аралашкан аты болгон менен заты жок, ар кайсыл өлкөлөрдөн куулуп, сүрүлгөн компания, фирма атпайлар гана макул болушат тура. Бизде тоо кендерин иштетүүгө лицензиялар пачкалап берилип жаткан менен көзгө көрүнөрлүк натыйжа болбой жаткандыгынын бир себеби ушунда окшобойбу.   Алсак, расмий маалыматтарга ылайык, 2006-жылы эле 600 лицензия берилиптир. Андан бери жети жыл өттү, аябагандай чоң Кумтөр деле беш жылда ишке киргизилген. Ал эми лицензияларды алган 600 юридикалык жактан азыр кендерди ийгиликтүү иштетип жаткан алтоосу барбы? Жок. Анткени алар кендерди иштетип, өздөрү да пайда таап, бюджетти да толтуруу үчүн эмес, базар баасына чыкканда  лицензияларды кайра сатуу үчүн гана алышкан. Кайра сатууга үлгүрө албай калышкандардын же убакыттык үстөктөрүн жаңыртып төлөп турбагандардын лицензиялары жокко чыгарылат да обьектилер кезектеги аферисттерге кайрадан сатылып, андан айрым чиновниктер дагы пайда табышат. Же баалуу кендер түбөлүк сааганга мүмкүнчүлүк түзгөн “сүттүү уйлардай” болуп жатышса, тармакты тартипке салып, аларды чындап иштеткиси келгендерге берүүгө кызыкдарлар калабы? Ошондуктан тоо кен агенттигинин жетекчилери жылда уу-чуулар менен алмаштырылып (аз күн мурда дагы алмашты), улам жаңылары дайындалган менен абал оңолбой жатат. Анткени  тармакты тартипке салууга ниеттенген жетекчи барса деле алар аферисттердин өкмөттө, парламентте ж.б. жерлерде отурган  лоббисттеринин курмандыктарына айланып кетишет. Биздеги айрым депутаттардын тоо кен иштерине тынбай кийлигишип, бир компаниянын түбөлүк  жактоочусуна, экинчилеринин элдешкис душмандарына  айланып алышкандыктарынын көмүскөдөгү себептери ушунда болуп жатпайбы! “Мамлекеттин, элдин кызыкчылыктары” деген кыйкырыктар жөн эле ширма, алардын арттарында айрымдардын миллиондогон кызыкчылыктары турат. Эгерде алар чындап эле элдин кызыкчылыктарын ойлошсо, алда качан миңден ашып кеткен лицензиялардын жок дегенде ону элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей баштамак. Антишсе алар түбөлүк жем акырларынан айрылып калышат. Ошондуктан жылдан жылга тармактын көйгөйлөрү  азаймак түгүл көбөйүп баратат.

Инвесторлор жулкунбайлардын жетелендисинде калганда…

Мурда биздин турмушубузга “дүжүр чалдар”, “дилгир кемпирлер”, “элпек балдар”, “ОБОНдор” деген түшүнүктөр кирсе, акыркы убактарда калктын жулкунбайлар деген катмары пайда болду. Аларды чыгаргандар да саясатчы сөрөйлөр. Алар өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргогонго шайлары жетпей баратканда же бирөөлөргө бут тоскулары келгенде кендер иштетилгени жаткан жерлердеги айылдарга барып “силердин топурагыңарды чукуса эле ат башындай алтындар, буканын сандарындай күмүштөр чыгат. Алардан азыр үлүшүңөрдү азыр алып калбасаңар янкилер вагондорго жүктөп кетишип, силерге ууланган аянттарды гана калтырышат. Анан тукумуңар курут болуп, эки баштуу балдар туулуп, жериңерге чөп да чыкпай калат” дегендей үгүттөрдү жүргүзүп, тилдери узундардын ооздорун майлап коюшкандан кийин дүжүрлөр ОБОНчуларга, аларга көкүрөктөрүн салаңдатып балдарын эмизип жүргөн келиндер, чала мас балдар  кошулуп, инвесторлорго “мынча акча бергиле, буларды бүтүргүлө же жерлерибизди ууландырбай кеткиле” деп жулкунуп  чыгышат. Чагымчы лоббисттер шыбырагандардын канчасы чын, канчасы жалган экендиги тууралуу ойлоп да коюшпайт. Анан таасирдүүлөрдүн алдыларынан өтүп жүрүп лицензияларды араң алып, айрымдары атаандаштар менен соттошуп да жаткан инвесторлор анча-мынча талаптарды канааттандырган менен бардыгынын талабын аткарууга шайлары келбей же иште жок же ашта жок болуп отуруп калышат. Ооба, ар кандай кенди иштетүүдө зыяндуу заттар да чыгарылат, ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Көмүрдү иштеткендин да зыяндуу жактары болот. Бирок ал келечекте түшө турган пайдага салыштырганда алда канча аз экендиги, чын-чынына келгенде белгилүү өлчөмдө зыяндуу да жагы бар  эч кандай өндүрүш болбой  тургандыгы, кендерди иштетүүдөн да эски автоунаалар жыш топтолгон жердин зыяндуулугу алда канча көп болору, эгерде зыянды эсептеп отура берсе эч кандай иш бүтпөй тургандыгы, тоо кендерин иштетүүдөн эң кеминде 3-4 жылдан кийин гана пайда түшөрү, ага чейин инвесторлор чыгымга гана иштешери  тууралуу ойлонуп  да коюшпайт. “Айттыкпы, биз айткандай болушу, болбосо кетишиңер керек” деп гана тура беришет. Кыргызстандын инвестициялык климатын начарлаткан дагы бир орчундуу жагдай мына ушунда болуп атат. Мындай  көрүнүштөрдөн кантип арылабыз?

Бул үчүн айрымдар кендерди иштеткени жаткан ишканалар алгач жергиликтүү элдин арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анан алар менен кандай жардамдарды көрсөтө тургандыктары жөнүндө социалдык келишим түзүп, анан өздөштүрүү иштерине киришүүлөрү  зарыл дешет.  Жергиликтүүлөр үчүн бул ыңгайлуу, пайдалуу вариант, бирок  маселени толук чечалбайт. Биринчиден, ага инвесторлор макул болушабы? Алар эмне дебейли, биздин социалдык инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү үчүн эмес, алык-салыктардан арткан кирешелерин толук алып кетүү үчүн келишет да. Анан алгач өкмөт, андан кийин жергиликтүү эл менен келишим түзгөн шарт дүйнөлүк практикада барбы? Билишибизче  жок. Экинчиден,  социалдык келишимди түзүүгө келгенде жергиликтүүлөр атаандаштардын лоббисттеринин, кутумдардын тукуруулары менен акыл-эске сыйбаган шарттарды койбошуна да эч ким кепилдик кыла албайт. Андан көрө тармактагы көп жылдардан бери чечилбей келаткан көйгөйлүү маселелерди өкмөт өзү тартипке салып, эл менен болгон маселелерди да өзү чечүүсү кажет. Ансыз биздин тоо кен тармагыбызга абийирлүү инвесторлор жакынкы жылдары жакындабай калышы толук мүмкүн.

Автору: Мирлан Дүйшөнбаев

Булак: “Де-Факто” (М.Т)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru