Айбат » Анапияевди «койнунда жаткан жубайындай» эмес, жөн гана коргогон, Бегалы байкеси менен позициялаш Адилетке жооп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Анапияевди «койнунда жаткан жубайындай» эмес, жөн гана коргогон, Бегалы байкеси менен позициялаш Адилетке жооп

Өткөндө сайтыбызга «Экс-ханзаадага, кримавторитеттерге «адвокат» болгондор…» аталыштагы макалага кесиптешибиз, «Алиби» гезитинин башкы редактору Адилет Айтикеев тактекедей секире чычалап, байкеси Бегалы Наргозуевдин kyrgyztoday сайты аркылуу жооп кайтарыптыр. Адилеттин жообун окуп отуруп, “тойдо оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмаган”, “долу” эжекелерибиздин образы көз алдыбызга чакчая тартыла түштү.

Адилет бул макалага эмне анчалык чычалаганын түк түшүнбөй, башыбыз маң. Ал кримавторитет Алманбет Анапияевди «койнунда жаткан катынындай коргоп жатат» дегенге катуу теригип, мындайча пикирин билдириптир: «А дегенде Алманбет Анапияевди коргоду дегендерине жооп берейин. Мен Анапияевди коргогондон тартынбайм… Ошого карабай мен Анапияевди коргогонго шашкан жокмун. Ал эми «койнунда жаткан жубайындай коргоп» дегениңерге күлкүм эле келди».

Адилеттин бул жообуна биздин дагы күлкүбүз келди. Адилет өзү жазгандай, Алманбет Анапияев кыргыздын жигити, демек, ал анын “койнунда жаткан катынындай” коргоого муктаж эмес. Болгону биз кыргыздын макалын мисал тарттык, ошол макалга чычалаган Адилетке таңбыз…

Адилеттин “ода макаласына” караганда, Анапияев кыргыздын мыкты жигити имиш. Анапияевдин жигиттик сапатына эч шек келтире албайбыз, анын мүнөзү кандай экенин да билбейбиз. Бирок, анын группировкасындагы балдардын маркум Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмүнө катыштыгы бардыгы сот тарабынан далилденбедиби. Эмне муну Адилет уккан эмеспи?

Экинчиден, ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Рафик Мамбеталиев “Азаттык” радиосуна курган маегинде Анапияевдин “желдеттери” Москвадагы мекендештерибизди талап-тоноп жатканын айтты. Анын айткандарын сөзмө сөз келтирсек төмөнкүдөй: “Бирок, мен айтып коеюн, биргелешип жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде Москвадан жети Кыргызстандын жараны кармалды. Алардын бардыгы Жалал-Абад облусунун Кара-Дарыя айылынан. Булардын бардыгы убагында Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн балдар, ошол уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү. Бүгүнкү күндө дагы биздин оперативдүү топ Россия федерациясынын аймагында иш жүргүзүп атат. Эл аралык издөөдө жүргөн, Интерпон аркылуу өтө оор кылмыш жасаган, Кыргызстанда кылмыш жасап туруп качып кеткен 13 жаран кармалды. Алардын бардыгын экстрадациялоо тууралуу Башкы прокуратура аркылуу кагаздарды жөнөттүк. Ошол 13өөнүн ичинен үчөө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү. Буга бир эле мисал. Жалал-Абад облусундагы кримчөйрөдө «положенец» болгон Маматов Болот «Поке» аттуу авторитетти ошол эле Абдукаимов Рустам деген тапанча менен атып өлтүрүп качып кеткен. Анын жанындагы кылмышти биргелешип жасагандар кармалган. Аны Москва шаарынан таап, камакка алдык”. Анапияевге боор толгогон Адилет эмнеге Рафик Мамбеталиевдин жогорудагы аргументин укса да уккусу келбейт?

Баарынан дагы кызыгы: «Мен Алманбет Анапияевди өмүрү көргөн эмесмин. Аны менен телефондон сүйлөшкөн эмесмин. А түгүл жазышкан дагы эмесмин. Эгер жазышсам, же чалышсам, же жолуксам ансыз да артымдан кынтык таппай жүргөн «из кубарлар» заматта жарыялашып, тоону томкоргонсуп мактанышмак» деп алдын ала актанып жатпайбы. Чындап эле өмүрү жолукпаса, коңгуроо кагышпаса, интернеттен жазышпаса, Анапияевдин алсыз, акылсыз, кемпай чиновниктерге караганда 100 эсе өйдө турган жигит экенин кайдан билет? Калпты ышкырткандын дагы чеги болот эмеспи.

«Баарынан таң калганыбыз, түз болбосо да кыйыр түрдө экс-ханзаада Максим Бакиевди «пропагандалаган» Бегалы Наргозуевдин сайтында Айтикеевдин «адвокаттык макаласы» жарыяланып жатпайбы» деп жазганыбызга чычалайт да, кайра ошол Бегалы байкесинин сайтынан бизге жооп кайтарып жатат. Бегалы байкесинин Максим Бакиевге болгон өзгөчө мамилеси «Ак жол» партиясынын учурунда башталган. Ошондо ал «Учур» гезитине маек куруп: «Мм… Ушул жигиттин акыркы жүрүштөрүн көрүп, натыйжалуу жыйынтыктар чыгат деген үмүттөмүн. Элдин турмушунун оңолушуна карай. Мындай ишенимге келгениме бир нече себептер бар. Биринчиден, мурда бюджеттин киреше бөлүгүнө канча акча түшсө, ошону жеп-ичүүгө аракет кылчу экенбиз. Ал эми азыр андай эмес, 2010-жылдан баштап өнүгүү бюджети түзүлдү. Келечекте бул иштин натыйжасы болгону турат, уурдалбай дегеним. Экинчиден, борбордук өнүктүрүү агенттиги аркылуу экономикабызга башкаруунун жаңы технологиясын киргизип атканын байкадым, өзүңүздөр көрүп атасыздар, быйыл бул агенттик негизги төрт долбоорду баштап, ишке киргизүүнү көздөп атат. Айталы, ипотека менен үй салууга элдерге мүмкүнчүлүк түзүлүп, ошого катар айыл чарбасына көңүл бурула баштады. Мунун өзү микрокредиттик уюмдарды түзүү менен жөнөкөй дыйкандарга каржы маселесин чечип берүү жагы каралууда» деп «айга, күнгө теңегенин» окуганбыз. Максимге болгон «арзуусу» алигиче өчө электигин «Арена» гезитинин 2010-жылдын 13-майдагы санында: «Максим Бакиев тууралуу бир жолу интервью бергем жана ошол кезде менин ишенимим ошондой болгон. Ал интервьюда мен Максимди айга-күнгө теңеп мактаган эмесмин, өлкөнүн жараны катары мыйзам боюнча эгер эл шайласа, президент болгонго акысы бар дегем. Эмне, бул Конституция боюнча ар бир жарандын укугу эмеспи?» деп жашырбай ачык айтыптыр.

Кайрадан Адилеттин жообуна келели. Адилет Бегалы байкеси менен турмуштук позициясы бир экенин мындайча белгилептир: «Ал эми Бегалы Наргозуев менин санаалаш агам болоорун билбесеңер билип алгыла. Ал экөөбүздүн турмуштук позициябыз, карманган принциптерибиз негизинен окшош болгондуктан, көп учурда пикирлерибиз бир чыгат». Ушул жерден дагы Адилеттин адатынча «соктуруп» койгонун баамдадык. Анткени, Бегалы байкеси президент кылгысы келген Максимди анын идеялашы Адилет: «Экинчиден, Максим Бакиевге мени байлап койгонуңарга жол болсун! Мен эзели Бакиев дегенде желкем тырышып, итатайым тутулган жигитмин. Муну силер билбесеңер башка кесиптештеримдин бардыгы билет. 2007-жылы Бакиев бийлигине мыйзамдуу жол менен каршы чыгып, митинге катышканым үчүн мени 2 ай ГКНБ СИЗОсуна камашып, ак жеримден соттоп тынышканда Бакиев аттуулардан көңүлүм калган. Эгер Максим Бакиев алдымдан чыкса, силердин «кожоюндарыңарга» окшоп сыпайыланып, ар кайсы жакка кагаз жөнөтүп отурбай эле кокосун жулуп алмакмын» деп «муунткусу» келерин билдириптир. Эгер Бегалы байкеси менен идеялаш, позициясы бир экени чын болсо, ал президент кылгысы келген, зор ишеним арткан Максимди неге кокодон алмак эле? Ала албайт, себеби, өзү айткандай Бегалы байкесинин айтканынан чыга албайт. Демек, «кокодон алам» дегенин экс-депутат Кабай Карабековдун: «Айрым журналисттер Максим Бакиевден акча алат» деген кебин алдын алып, «чын чычалайт, калп каамырабайт» дегендей реакция жасап жаткандагысы эмеспи?

«Эми менин «Айбаттагы» кесиптештеримди кыстап жаздыртып, заказ берип жаткан ИИМдин чоңдоруна 3 суроо менен кайрылгым келет» деп акылдуусунганына жол болсун. Бизди ким кыстап, ИИМдин кайсы чоңу заказ берип жаздыртып жатканын Адилет куру сөз менен эмес, факты менен далилдеп берсе окурман журтчулугу деле ыраазы болмок. Андан дагы aibat.kg сайтын эч ким билбеген сайт деп айтыптыр… Анда, бул сайтты кайдан билдиңиз?

Эмнени чапсан сасыйт дечү эле? Анын сыңарындай, кесиптешибиз Адилет менен кайым айтышуубузду токтотолу. Ал дагы жооп кайтарса «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деп унчукпайбыз. Себеби, «сасыгыбыз» келбейт…



Башка окшош макалалар:

2 комментарий

  1. хаха ха окуп отуруп эзилип калдым, эконтен бирдей жоктон бок чыгарган немелеркенсинер

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru