Айбат » Мирбек Атабеков: “Мээрим экөөбүз “Мюзикола” долбоорунан таанышканбыз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Шоубизз » Мирбек Атабеков: “Мээрим экөөбүз “Мюзикола” долбоорунан таанышканбыз”

Мирбек Мээрим 2Мирбек МээримЖаш муундардын да, улуу муундардын да сүймөнчүгү болгон атактуу ырчы Мирбек Атабеков өзүнүн жашоосу тууралуу кенен маек курду.

- Мирбек, Мээрим аттуу кыз менен сүйлөшөөрүңөрдү кыргыз журту билет. Экөөңөр кантип, кайдан таанышып калдыңар эле?

– Мюзикола долбоордон таанышканбыз. Ал кезде Мека 13 жашта эле.

- Мээримге тартуулаган эң кымбат белегиң?

– Ар кандай буюмдарды негизи эле акчага алынган белектерди мен эң кымбат деп айта албайм. Ошондуктан менин  чексиз таз аруу махабатым бул менин эң кымбат белегим болсо керек.

- Экөөңөрдүн кайсы мүнөзүңөр окшош?

– Көптөр сырткы келбетиңер окшош деп айтып калышат. Мүнөзүбүз туурасында айтсам, экөөбүз тең токтообуз.

- Мээрим сени күйөрман кыздардан кызганбайбы?

– Биринчиден экөөбүздүн ортобузда чоң ишеним бар анын үстүнө мени кызгангандай “красавчик” деле эмесмин (күлүп). Анан дагы менин күйөрмандарым мени эмес менин ырларымды жакшы көрүшөт го.

- Көп эле интервью берип жүрөсүң, журналисттердин кандай суроосунан тажадың?

– Тажадым деп айтуудан алысмын бирок ар бир интервьюларда менин үйлөнүү тоюм боюнча көп сурашат.

- Ырчы жигиттин ырчылыктан башка эмнеге өнөрү бар?

– Менин кулинария жактан өнөрүм күч. Мисалы жумуртканы жакшы кууруйм (күлүп). Албетте тамаша, бардыек эле кыргыздын жигиттериндей кара жумушту жакшы жасайм. Анан эмнени жакшы көздөсөм, ошону майын чыгара жасайм.

- Быйылкы жайды кайда өткөрүүнү пландап жатасың?

– Быйылкы жай мен үчү чыгармачылык менен жана жеке жашоомду бир нукка салуу менен эле өтүп кетет окшойт.

- Канат Култаев менен эмес өзүнчө иштегенңнде азыркыдай атак-даңкка ээ болмок белең?

– Эми аны кудай билет. Бирок азыркы сахнадагы оорунум, элдин адамы болгондугума Канат байкемдин эмгеги зор аны тана албайм.

- Азыр кандай чыгарманын үстүнөн иштеп жатасың?

– Азыр эч кандай чыгармага иштеген жокмун, жеке жашоом менен алекмин.

- Кайсы клибинди тартууда өтө кыйналгансың?

– Буга чейин клиптерди Канат байке мойнуна алып көп деле кийлигишчү эмесмин. “Алдадың” деген чыгарманын демөөрчүсү болдум негизи баарын өзүмдүн мойнума алгам аябай кыйналдым деп айта албайм бирок оор экенин сездим.

- Материалдык байлык, достук, сүйүү үчөөнүн бирин гана тандоо мүмкүнчүлүгү алдында турса кайсынысын тандамаксың?

– Кыйын суроо экен.  Сүйүүнү тандасам керек. Себеби, сүйүү бар жашоо бар. Сүйүүнүн күчү менен баардык кыялдарыңды ишке ашырсаң болот.

 – Үнүңдү жана дене мүчөңдү бир калыпта кармаш үчүн кандай тамактарды жебейсиң?

– Мен тамак тандабайм болгон тамакты жей берем. Болгону муздак суу же балмуздак жебегенге жана ичпегенге аракет кылам.

- Атак-данк, акча адамды абдан озгортот эмеспи. Мирбек Атабеков деген атың канчалык деңгээлде сени өзгөрттү?

– Мени аябай өзгөрттү деп айта албайм жакын туугандарга досторго ошол эле Микамын. Бирок менин жашоого болгон көз карашымды кайсы бир деңгээлде өзгөрттү. Ак-караны ылгап калдым. Жаш Мика ар бир нерсени таза сыйкырдуу көрчү а азыр мен ошол нерсени жаман жакшы жагын ойлонуп калдым кыскача айтканда жети өлчөп, бир кесем.

- Ушул жашка келгиче сүйүүдөн запкы тартып көргөнсүңбү?

– Тоок сүйүүлөр болгон бирок аябай катуу кыйналган болгон эмес. Адамдын жашоосунда чыныгы сүйүү бир келет дейт го. Кудайга шүгүр чыныгы сүйүүмдөн азыр бир гана ырахат алып жатам а запкысын  “туф-туф” тарта элекмин жана тартпайм деп ойлойм.

- Жашоодо ар бир адамдын бир сүйүнүчү анан бир чоң күйүтү болот. Сенин сүйүнүчүң жана күйүтүң эмне?

– Апамдын маанайы ачык болсо ошо менин суйунучум. Мен жакшы көргөн, мен сүйгөн жакын адамдарым жанымда жаркылдап күлүп турушса, күйөрмандарым колдоп турушса сүйүнөм. А күйүтүм эми ар бир эле адам убакыты келгенде Алла Тааланын буйругу менен бул дүйнөнү таштап кетет экенбиз. Менин жакын тумар туткан адамдарым ушу менин жакшылыгымда күбө боло албагандары менин чоң күйүтүм.

- Маданият министрлигине ишке чакырса барат белең?

– Эмнегедир ушуну ойлонуп көрбөптүрмүн. Мага азыркы чөйрөм эле жетиштүү.

- Телефон номериңди канча убакытта бир алмаштырып турасың?

– Ар кандай негизи менин номеримди көптөр билишпейт ошого байланыштуу көп деле алмаштырбайм.

- Социалдык тармактарда Атабеков Мирбектер көп. Өзүң отурасыңбы?

– Мурун менин атымдан катталгандар көп эле азыр “Фейсбук”, “Твиттер”, “Мой мирлерде” өзүмдүн официалдуу баракчаларым бар. Өзүм көп отурбайм.  Көбүнчө менеджерлерим отурушат.

- Бош убактыңды кантип өткөрөсүң?

– Досторум, апам, сүйүктүүм менен телефон аркылуу же скайп аркылуу бош убакта байланышып турам жана көп изденем, интернетте отурам.

 Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru