Айбат » Орунай Мурзахметова, элдик дарыгер: “Аркечтикти таштатып, балалуу болбогондорду дарылайбыз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук, Маек » Орунай Мурзахметова, элдик дарыгер: “Аркечтикти таштатып, балалуу болбогондорду дарылайбыз”

алкоголизм

Акыркы убактарда оорунун саны канчалык көп болсо, ооруган адамдын саны андан эки эсеге көбөйүп бара жатат. Мунну себебин доктурлар адамдардын өзүнүн ден соолугуна көңүл коштук менен мамиле кылуусу менен жана биз жеп жаткан тамак-аштардын сапатсыздыгынан деп белгилешүүдө. Аракечтиктик, жүрөк кан тамыр оорулары, тукумсуздук көп кездешкендигине байланыштуу, Орунай Мурзахметова аттуу элдик дарыгер менен маек курдук.

-          Орунай эже негизги кесибиңиз эмне?

–          Негизги кесибим рухий табып. Биздин каныбызда табыпчылык бар. Атам, апам табып болушкан. Мен табып болуп адамдарды көрүп дарылагычакты бардык ооруларды башыман өткөргөнмүн. Ошондуктан адамдардын тамырын кармаганда эле ал адамдын кайсы органы ооруса менин да ошол жерим ооруйт. Диагнозду ошону менен коём. Кийин бионур менен дарылап атканда колум ошол эжерге барып токтойт. Сыдырып-сыдырып дубанын касиети менен ал ооруну чыгарып ийем.

-          Табып болуп адам көргөнүңүзгө канча убакыт болду?

–          16 жашыман тарта адам көрүп, ооруларын айыктырып келем. Менин табып болуп адам көргөнүмө оору түрткү болду. Ашказаным ооруду, анан доктурлар рак дешти. Ошентип өзүмдү-өзүм дарыладым. Табып табып эмес, башынан өткөн табып дегендей, мен өзүмдү-өзүм дарылап жакшы болуп айыккан соң, мендей канча деген адам оорунун азабын тартып жүрөт, ошолорго бир колуман келген жардамымды аябайын деп адамдарды көрө баштадым.

-          Атайын медициналык билим алгансызбы?

–          Биздин каныбызда бар деп айтып кетпедимби, ошентсе да Өзбекстанда атайын медициналык окуу жайынан билим алып, ошол жакта иштеп пенсияга чыктым. Психотерапевт болуп эмгектендим.

-          Дарыларды кантип даярдайсыз же дарыканалардан аласызбы?

–          Дарыканалардан да алабыз, бирок көбүнчөсүн мен өзүм дары чөптөр менен дарылайм. Мен өзүм табып болгондон кийин жерди да этияттап басам. Себеби, жерде өскөн жөнөкөй чөптөр да биздин ден соолугубузга абдан пайдалуу. Жалпыз да, ажырык да пайдалуу. Шабдалынын жалбырагы сасык тумоону айыктырууда миңдин бири. Азыркы убакта жалбырагын алып салкын жерде коюп койсо, кышында сасык тумоо боло калганда аны кайнак сууга сала коюп ичип алса тердеп сасык тумоону ошол замат кетирет.

-          Ал чөптөдү кайдан кантип аласыз?

–          Тоолорго атайын бир убак чыгып, дары чөптөрдү терип келип катырып коем. Бишкекке келгениме аз убакыт болгонуна байланыштуу дары чөпртөрдү эмитен чогултуп тере баштадым. Ошон үчүн айылда дары чөптөр бар аларды терип очокто кайнатып, тандырда кургатам.

-          Кандай ооруларды айыктырасыз?

–          Бардык ооруларды айыктыра алам. Нервден ооругандарды дарыладым, ашказан, ичеги-карын, өттү, стресс болгондорду дарылайм. Психология жагынан да жардам берем. Муун ооруларын да дарылайм. Муун ооруларын, полеартрит оорусун дары чөптөрдүн жардамы менен айыктырам.

–          Аялдардын гинекологиялык ооруларын, балалуу боло албай жүргөн аял-эркектерди көп дарылап жатам. Ибн Синанын методу менен дары чөптөр менен дарылайм. Простата бездери менен ооруган эркектерди кадимки эле жумуртка менен дарылайм. Беш жумурткадан кийин айыгып кетип жатышат. Катуу корккондон улам бөйрөк түшүп кетет. Куркулдай деген куштун уясын дак сууга кайнатып ооруган адамга беребиз. Корккон жүрөктү ордуна келтирген соң муундар жайына келет. Аракечтик, эпилепсияны да дарылайм. Көп ичкендикти саман менен дарылайм. Алгач анын канын тазалап алыш керек. Адырашмандын жардамы менен тамекини таштатабыз.

-          Оорулууну бир көрүү үчүн канча акча аласыз?

–          Азыр Чыгыш 5 кичирайонунда атайын клиникада иштегеним үчүн 300 сомго көрөм. 12ге кирген кызым Куран карим окуйт, дарыларыма дем салып берет. Ошол дарылар менен да дарылайм.

-          Сизге кайсы оору менен көп кайрылып жатышат?

–          Унутчаактык, стресс, балалуу болбой жаткандар, өтү шамалдап калып, жүрөгү ооругандар көп. Иммунитети төмөнкүлөр да көп кайрылууда.

Айбат гезити

Төлөбүбү Касымалиева



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru