Айбат » Москвадагы чатыр лагерге алынып келинген кыргыздардын бирөө милиция кызматкерлерин алдаган

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Москвадагы чатыр лагерге алынып келинген кыргыздардын бирөө милиция кызматкерлерин алдаган

мигрантМосква шаарында иштеп жүргөн мигранттарды текшерүү маалында кармалып, чатыр лагерге түшкөн 4 кыргыздын бирөө милиция кызматкерлерине өзүнүн аты-жөнүн жашырып, башка адамдын фамилиясын айткан. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Айтымында, бул жарандын үстүнөн 2 жолу сот болмокчу. “Ал лагерге алынып келингенде өзүнүн эмес башка бирөөнүн фамилиясын айткан. Ошондуктан бул ишке байланыштуу жана депортация кылууга байланыштуу 2 жолу сот болмокчу. Бул 19 жашар жигитти депортация кылуу маселеси көпкө чейин созулушу мүмкүн. Негизинен депортация болгон жарандар 5 жыл Орусиянын аймагында жүрүү укугунан ажырайт. Ал эми кээ бир учурларда паспортторун өзгөртүп, кайра келгендер болуп жатат. Эгерде мындай жоруктары билинип калса, анда катуу жаза көрүлөт”,- деди Кулукеева.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru