Айбат » Кыргызстан менен Кытайдын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитеттеринин төрагалары жолугушту

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Саясат » Кыргызстан менен Кытайдын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитеттеринин төрагалары жолугушту

каныбек о13-августта Кытайдын борбору Пекинде ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев жана анын орун басары Эльмира Иманалиева Кытай парламентинин Билим берүү, илим жана маданият комитетинин төрагасы У Хэн менен жолугушту. Депутаттар кытай тарапка ЖКнын аталган комитетинин иш алып баруусу, билим берүү системинде реформа жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, БГУ, КУУ жана ОшМУнун алдында түзүлгөн Конфуций институттарын өнүктүрүү үчүн кабыл алынып жаткар чаралар тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле эки комитеттин ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу сунушу айтылды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар парламенттер аралык байланыштарды күчөтүү жана тыгыз байланыштын таасирлүү механизмин куруу боюнча чараларды кабыл алууга макулдашты. Жолугушуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги тарабынан уюштурулганын ТИМ билдирди.

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru