Айбат » Жумгалда алгач “Ыр-Кесе” кароо сынагына чет элдик туристтер катышты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Жумгалда алгач “Ыр-Кесе” кароо сынагына чет элдик туристтер катышты

DCIM100MEDIA

1-августа Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын Кара-Суу атындагы айылдын тургундары актриса Т.Турсунбаеванын 70 жылдыгына жана төкмө акын К.Акиевдин 130 жылдыгына арналган «Эл ичи таланттарга бай» аталыштагы «Ыр-кесе 2013» кароо сынагын өткөрүштү.

Айыл тургундары маданиятка суусап, чанкып калган кездери окшойт, биринин талантынан бири ашып, саны чектелген программадан аша түшүп мен ырдайт элем, мен бийлейт элем, менин куудулдук өнөрүм бар деп обон созуп, ыр-бий тартуулаган айыл тургундарына бул ирет чет элдик жарандар күбө болушуп, кыргыз дасторконунан даам сызышты.

Ыр-кесе жобого ылайык «Иштерман» жылына карата май айынын башында башталган. Айыл ичиндеги таланттарды издейбиз ураанынын алдында бул күнү айыл тургундары өз өнөрлөрүн тартуулап, кыргыздын улуттук каада-салт, үрп-адаттарын чагылдырышып, тушоо кесүү салтын арткарышып, куудулдук өнөр тартуулашып, ыр-бий менен өз таланттарын көрсөтүштү.

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы майрамдык кечеге катышып, күбө болуп, айыл тургундарына өз куттуктоосун айтып айылга майрам уюштуруп элди ынтымака чакырып жаткандарына ыраазы болду.

Ыр-Кесе учурунда биринчи жолу Жумгал районунда чет элдик жарандар майрамдык кечеге күбө болушуп, кыргыз дасторконунан даам сызышып, сүрөткө түшүп күбө болушту.
2

Күндүн жаап жатышына карабай 300-ашык чогулган айыл тургундары катышып, айыл аймагынын тургундары өз өнөрлөрүн тартуулашты, акырында жыйынтык чыгарылып айыл өкмөтү тарабынан жеңүүчүлөргө сыйлоо баракчалары жана акчалай сыйлыктар берилди.

Бул күнү айылда ыр-кесенин жалпы жыйынтыгы чыгарылып жыйынтыгында буга чейин таланттарын көрсөтүшкөн «Калык Акиев округу 1-орунду алса,  «Кара-Суу» округу 2-орунду, ал эми «Кантор» округу 3-орунга келип «Майда-Дөбө» округу 4-орунду ээледи.  Ыр-кесе сынагынын жыйынтыгы менен эми айыл тургундары 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө районго чыгууга даярданып жатышат.

“Ыр-Кесенин” жүрүшүн айыл тургундарынын ооздорунан уксак:

АписаАбдысатарова, катышуучу:

-Негизи айыл тургундары ар бир округ болуп ынтымакта ыр-кесе уюштуруп келебиз. Айыл жеринде өнөрпоздор абдан көп экен. Өткөнд өйдөкү округдан өзүм барып эстафетаны алып келгем, айылыма келип жалпы тургундар менен кеңешип, биз да өз өнөрүбүздү көрсөтүп мына ушинтип 2-орунга татып отурабыз.

 Кенжекбек Бейшенбеков, катышуучу:

-Бул ыр-кесе абдан жакшы деңгээлде өттү десем болот, элет тургундары эч качан тартынбай, өз округу үчүн болгон таланттарын көрсөтүп жатышты. Бизге программа чектелүү номер болгондуктан көпчүлүк тургундар катыша албай

калышты, бирок ыр-кесе бүткөн соң деле ырдап-бийлеп атышты.

 Үпөлкан Чолпонкулова,  катышуучу:

-Жакшы маанайда, эл абдан ыраазы болуп кайтышты. Күндүн жаап жатышына болбой аракет кылып жамгыр жааса да ырдан-бийлеп өнөрлөрүбүздү тартуулап жаттык. Айыл эли маданиятка абдан суусап калыптыр, илгери концерт келгенде эл жыкма-жык толгондой. Бул ирээт айылдарда болуп жаткан айыл тургундарынын ыр-кесесине эл абдан көп келип катышып жатышат.

Каныбек Кыдыргычов, катышуучу:

-Элди токтотууга мүмкүнчүлүк болбоду, биринен-бири өтүп таланттарын тартуулап жатышты. Ошондой эле кыргыздын улуттук каада-салтын аткарышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышты. Бул ыр-кесени уюштуруп койгондорго рахмат, биз айыл эли маданиятка өлө суусап калыптырбыз. Жакшы маанай жаратты. Мындай ыр-кесе жылына эле болуп турса абдан жакшы болмок.

Жолдошбек уулу Адилет, катышуучу:

-Мен мынчалык болоорун башында билген эмесмин, башка округдар берип башташканда эле биз дагы даярданып кирдик. Негизи намыс деген катуу экен. Ынтымакта биринен-бири эстафетаны өткөрүп алышып, кезек менен берип жатышты. Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм, алдыга чыккан женүүчү округдарды куттуктайм.

 Нусубалиева Назира, катышуучу:

-Кыргыздын улуттук каада-салт  үрп-адаттарын баамдаган, унутулуп бараткан салттарыбызды, улуттук тамак-аш, кол өнөрчүлүктү мына ушундай ыр-кесе кароо сынагында эстесе болот экен.

Айбат гезити

Мирбек Асаналиев, Жумгал району



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru