Айбат » Айнуру Алтыбаева: “Ажырашкан үй-бүлөлөргө кайдыгер карабайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Айнуру Алтыбаева: “Ажырашкан үй-бүлөлөргө кайдыгер карабайм”

Айнуру АлтыбаеваДепутат айым Айнуру Алтыбаева иште жана үйдө кандай экени тууралуу билүү максатында ар кандай турмуштук суроолорду узатып, жөнөкөй жоопторду алдык.

- Айнуру эже, депутат, аял, эне болуу оор эмеспи?

– Оор, бирок аял киши үй-бүлөнүн куту болгондон кийин бул аялзатынын негизги милдети. Ал эми депутат болуу бул элге кызмат кылуу. Негизи эле бардык жерге жетишүүгө болот. Эң биринчи адамдын каалоосу күч болушу керек, ошондо гана мыкты натыйжага жетишет. Анан оор деп эле үйдөн чыкпай жатып алууга да болбойт.

- А депутаттын күйөөсүнө анчалык оор эмеспи. Сурайын дегеним, үй-бүлөңүзгө жетиштүү убакыт бөлөсүзбү?

– Убакыттын тардыгына карабастан мен ар дайым үй-бүлөм менен бир болгонго аракет жасаймын. Жогоруда айтып кеткендей, ар бир мүнөттү, секунданы туура пайдаланса бардыгына жетишет.

- Канча баланы тарбиялап, чонойттуңуз?

– Эки баланы тарбияладым бир уул жана бир кызым бар.

- Кыз кезиңизде кандай кыялданаар элеңиз?

– Мен биринчиден ата-энемдин урматына татыктуу болсом, бактылуу эне жана жар болсом деп кыялданат элем. Элиме кызмат кылсам деген кыялдарым ишке ашты буюрса.

- Депутат айым сулуулук салондорун канча убакытта бир аттап турат?

– Кез-кезде барып өзүмдү карап турам. Антпесе да болбойт. Аял киши дайыма тыкан, таза жана сулуу болуп турушу керек.

- Өткөндө Аида Салянованын «Люкс» сулуулук салонуна иш убактысында кирип кетип 5 саат кармалгандыгын жазышты. Сиз кандай кабылдадыңыз?

– Мен ал нерсе боюнча маалыматым жок.

- Депутат айым катары кыргыз кыз-келиндерине сулуулуктун кээ бир сырларынан бөлүшүп кетпейсизби?

– Бир гана саясаттагы аялзаты эмес, дүйнөдөгү баардык аялзаты сулуу.

- Аялзаты ушакка жакын болот эмеспи. Абысындарыныз менен ушакташканга убактыныз болобу?

– Жок аялзатынын ушактарга убактысы жок деп ойлоймун.

- Көп эле мыйзам долбоорлордун үстүндө иштеп жатасыз. Кыргызстанда аялдарды мындан да активдүү кылыш үчүн кандай мыйзамдарды чыгаруу керек деп ойлойсуз?

– Биздин мамлекетте аялзатынын активдүү болушуна атайын мыйзам чыгаруунун кереги жок деп ойлоймун. Өзүңүздөр билгендей азыркы учурда бийлик кызматтарда аялзаты көп эле кызмат орундарын ээлеп турушат.

- Жакында эле Россиянын президентинин официалдуу түрдө ажырашуусун айтышы элге чоң күтүүсүз жаңылык болду. Көптөр Людмила Александровнанын ушул күнгө чейин күйөөсүнүн ишине чыдап келгенине боорлору ооруп ага жан тартышты. Сиз бул маалыматты кандай кабылдадыңыз?

– Мен ар дайым ажырашкан үй-бүлөлөргө кайдыгер карабаймын. Анткени биринчи ирээтте үй-бүлөдө балдарга оор болот. Бирок бул маселе боюнча алардын жеке жашоосу деп эсептеймин.

- Көптөр Ата-Журттун 3 депутатынын акталып чыкканын туура эмес көрүп жатышат. Сиз бул боюнча кандай пикирдесиз?

– Бизде Сот бийлиги көз карандысыз болгондуктан соттун чечимине кийлигишүүгө укугум жок деп эсептеймин.

- Кесиптешиниз Д.Бекешов сунуштап жаткан Алкоголдук ичимдиктерди документ менен сатуу тууралуу мыйзам долбоордун канчалык деңгээлде биздин элге пайдасы бар деп ойлойсуз?

– Мен туура деп ойлоймун, анткени статистика боюнча жаш балдар көп алкоголго берилгендиги көрсөтүлгөн.

- Депутат айымдардын көбүнүн бизнестерин угуп калабыз. Сиздин да бизнесиңиз барбы?

– Менин бизнесим жок. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келе жатам.

- Саясаттан тажай элексизби?

– Жок.

- Эгер мүмкүнчүлүк болсо, дагы канча жыл КРнын саясатында жүрүүнү каалайсыз?

– Адамдарга жардамым тийбей калган убакытка чейин саясатта жүрөм буюрса.

- Көптөр иштеген ишинен рахат алат экен. Сиз ишиңизден рахат ала аласызбы?

– Албетте, иштегне ишиңден рахат алып иштемейинче ишиң илгери болбойт болуш керек. Мен да өз ишимен рахат алам.

- Гезиттер Турсунбай Бакир уулунун 18 жаштагы Нуриза Бурханова аттуу кызга баш кошконун, жакында эле чүрпөлүүү болгонун жазып чыгышты. Эгер сиздин жолдошуңуз 18 жаштагы кызга баш кошсо эмне кылмаксыз?

– Бул жагдай бир да аялзатына жакпаса керек деп ойлоймун.

- Акыркы убактарда сизди ойлонтуп жүргөн көйгөй?

– Биздин келечектеги жаш муундарга татыктуу жашоо калтыруу.

 Айбат гезити

Төлөбүбү Касымалиева



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru