Айбат » «Замандаш» Ассоциациясына 10 жыл

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » «Замандаш» Ассоциациясына 10 жыл

замандаш 10 жыл

2003-жылы «Замандаш» коомдук фонду Урал аймагынын кыргызстандыктарды колдоо фонду менен биргеликте Россия Федерациясында түзүлгөн диаспоралык чачыранды кыргыз уюмдарын бириктирүү тууралуу демилгеси менен чыгып, 6-7-декабрында  өткөн конференцияда аталган бирикме  «Замандаш» Ассоциациясы болуп уюшулат. Ошол мезгилден тарта Ассоцияциянын жыл сайын өткөрүлүүүчү конференциялары салтка айланып, аткарган иштеринин натыйжалары  чыгарылып, жаралган көйгөйлөрдү чечүү жолдору аныкталып келүүдө.

«Замандаш» Ассоциациясынын  ишмердиги чет өлкөлөрдөгү  мекендештерибиздин коомдук бирикмелеринин санынын өсүшүнө түрткү берди. Учурда «Замандаш» Ассоциациясы чет өлкөдөгү 130дөн ашуун катоодон өткөн диаспоралдык уюмдар менен кызматташып келет.

«Замандаш» Ассоциациясынын негизги максаты – улуттук аң-сезимдин кайра жаралуусуна, Кыргыз Республиканын чегинен сыркары жашаган кыргыздардын  өз алдынчалуулугун сактоого түрткү берүү жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга туруктуу же убактылуу жашап турган жерлеринде укуктук макамын аныктоо маселелери боюнча укуктук колдоо көрсөтүү саналат.

Демилгелер

10 жыл аралыгында  Ассоциациянын демилгеси менен   Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына жана башка нормативдик актыларына миграция жана социалдык саясат тармагы боюнча жыйырмадан ашуун өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген. Ассоциациянын мүчөлөрү миграция, социалдык коргоо, адам сатуу ишине каршы туруу маселелери боюнча, эл аралык келишимдер менен макулдуктарды иштеп чыгууда консультанттар, эксперттер жана кош демилгечилер катары  чыгып, Жогорку кеңешке, Өкмөткө жана министрликтерге, ведомстволорго тартылууда.

2005-жылдан тарта Ассоциациянын жигердүү катышуусу менен Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн тутумуна  миграция боюнча мамлекеттик комитет киргизилген жана ал кийин министрлик макамына ээ болгон.

2005-жылы Ассоциациянын демилгеси алдында Кыргыз Республикасынын миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитети менен биргеликте Россия федерациясында бул комитеттин коомдук өкүлчүлүгү түзүлгөн.

2005-2006-жылы Ассоциация кызыкдар болгон уюмдар менен бирдикте мамлекеттик «Кайрылман» программасын иштеп чыккан.

2007-жылы  Ассоциация тарабынан  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн чет өлкөлөрдөн 200-жүктү ташып келүүнү компенсациялоо маселеси боюнча Токтомдун кабыл алынышына түртү берилген.  200-жүктү чет өлкөлөрдөн акысыз ташып келүүгө Кыргыз Республикасынын бир нече авиакомпаниялары кошулду.

2007-жылы «Кыргызстан-Астана» этномаданий  биримдигинин демилгеси менен Казакстандын  бардык аймактарынын кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү тарабынан  Россиянын 15 шаарында КарЛАГдагы саясый репрессиянын курмандыгы болгон кыргызстандыктардын ысымын аныктоо боюнча долбоор ишке ашырылган.  Казахстан Республикасынын Генералдык Прокуратурасынын жардамы менен курман болгондордун тизмеси такталган. Иш Кыргызстандын  окумуштуулары жана архив кызматкерлери менен бирдикте жүргүзүлгөн.  Долбоордун демилгечилери тарабынан «Кызыл террор» курмандыктарына жана Караганда облусундагы Спасск айылында жашаган Карлагдын туткундарына  унутулгус  белги орнотулган.

2013-жылдын июль айынан баштап курман болгондордун тизмеси  «Рух Кенчи» гезитинде басылып чыга баштады.

2007-жылдан 2009-жылдарга чейин Ассоциация «Сорос-Кыргызстан» Фонду менен биргеликте Свердлов облусунда Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек миранттарын укуктук жактан коргоо боюнча долбоор ишке киргизилген. Долбоордун ишке ашышында Кыргызстандан жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн келген  эмгек мигранттарынын укуктук көйгөйлөрүн чечүүдө жардамдар көрсөтүлгөн. Борбордук Азия аймагынан барган бардык мигранттар эмгекке орношуу жана ишмердигин мыйзамдаштырууга байланыштуу укуктук маселелердин тармагы боюнча адистештирилген юридикадык акысыз жардам алып турушкан.

2009-жылы Ассоциация Новосибирск шаарында  жашаган бардык элдердин маданиятын, тилин жана адабиятын жайылтуу максатында шаардагы Улуттук маданият Борборунун түзүлүшүнө жана ачылышына жигердүү катышкан.

2011-жылы Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында Мухтарбек Сүйүналиевич Өмүракуновдун демилгеси менен «Замандаш» Ассоциациясынын юридикалык кызматы ачылган. Аталган пункт аркылуу күнүнө Бишкек-Москва –Бишкек поезди өтүп турат. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, ай сайын Кыргызстандын 37 миңден ашуун жараны  же жылына 400 миңден ашуун жараны ал жай  аркылуу өтүп турат.  Аталган кызматтын негизги милдети Россия Федерациясына иш издеп кеткен эмгек мигранттарына укуктук консультация жана башка жардамдарды көрсөтүү болуп саналат.  Кызмат акысыз көрсөтүлүп, Оренбург аймагындагы россия-казак чек арасынын бардык аймагын камтып турат. Кызмат иштеп келе жаткандан бери жумасына чек араны кесип өтүп бара жаткан 10 дон ашуун жараныбыз укуктук жардам алып турушат.

2011-жылдын октябрь айында Түмөн аймактык «Биримдик» коомдук уюмунун демилгеси жана Түмөн облусунун улуттар ишмердиги боюнча Комитеттин, Түмөн облусунун маданият боюнча Комитетинин жана «Замандаш» Ассоциациясынын колдоосу менен  Түмөн облусунда «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат» аталышындагы Курманжан Датканын 200 жылдык мааракесине арналган Кыргыз маданиятынын күндөрү өткөрүлдү.  Иш чаранын алкагында Түмөн облусу менен Кыргыз Республикасынын калкынын тарыхый-маданий жана экономикалык өз ара алакаларынын өзгөчөлүктөрү, эки элди жакындаштырууда Курманжан Датканын ролу, миграция процессинин тарыхы жана учурдагы абалы, мигранттардын отурукташкан аймагында этномаданий жана этноконфессиялык адаптацияланышы  тууралуу дискуссиялар өткөрүлгөн.

2011-жылы  Ассоциация Москва шаарындагы Манас эстелигине капсула коюу аземине жигердүү катышкан жана Ассоциациянын, кыргыз жана башка диаспоралардын спонсорлугу менен 2012-жылы ал орунда эстелик тургузулган.   Москва шаарында куюлуп жазалган бронза  скульптуранын бийиктиги 4,5 метр келип, Кыргызстан менен Россия элинин достугун символдоштуруп турат.     Манастын бул эстелиги  Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары орнотулган  эң биринчи эстелик болуп саналат. Аны тургузууга Ассоциация тарабынан АКШнын 90 миң доллары бөлүнүп берилген.

2012-жылдан тарта Ассоциация тарабынан федералдык мамлекеттик «Россия гезитинин» редакциясы» мекемесинин Борбордук Азия аймактык өкүлчүлүгү менен бирдикте Бишкек шаарында  «Эмгек мигрантынын маалымдамасы» социалдык долбоору ишке ашырылып, жыйынтыгы 2013-жылдын май айында презентацияланды. Басылма Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын жана талаптарынын негизги тизмегин, ошондой эле ишке орношууга уруксат кагаздарын толтуруу, бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен өзүн алып жүрө билүү тууралуу кеңештерди, чет жерликтин Россиянын аймагындагы укуктары менен милдеттеринин топтомун камтып турат. Маалымат эки тилде – кыргыз жана орус тилинде берилген бул китепте Федералдык миграция кызматынын, Россия Федерациясынын бардык аймагындагы кыргыз дипломаттык элчилигинин жана диаспораларынын  телефон номерлери менен даректери көрсөтүлгөн. Басылманын старттык тиражы 5 000 нусканы түзүп, бекер таркатылат.

2012-жылы кыргызстандыктар менен мекендештерге жер-жерлерде жардам көрсөтүүнүн көлөмүнүн зордугун эске алуу менен Алма-Ата шаарында «Замандаш» Ассоциациясынын өкүлчүлүгү ачылды. Өкүлчүлүк Казакстандын мамлекеттик органдарында каттоодон өтүп, юридикалык жактын макамына ээ. 2013-жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында өкүлчүлүктөр ачылды.

2013-жылдын июнь айында Ростов облусундагы кыргыз диаспорасы «Замандаш» Ассоциациясынын колдоосу менен Ростов-на –Дону шаарында Чынгыз Айтматовдун 85-жылдык мааракесине, наркы 3,5 миллион орус сому турган,  монумент ачуу үчүн каражаттарды тартып келүү максатында марафон уюштурду. Ростов-на –Дону шаарында 2013-жылдын 2-9-сентябрь күндөрү Айтматовдук окуу жумалыгын өткөрүү пландаштырылган. Иш-чаранын алкагында Ч.Чйтматовдун чыгармаларынын негизинде кыргыз жана чет элдик режиссерлор тарабынан  тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Ростов облусунун администрациясы бул демилгени колдоп, иш-чара өткөрүүгө 400 миң рубль бөлүп берди. Россия бийлиги эстеликти орнотуу жайын аныктады. Ч.Айтматовдун эстелигин орнотууга Ростов-на –Дону шаарындагы кыргыз диаспорасы, Ростов облусунун, Ростов-на-Дону шаарынын администрациясы жана «Замандаш» Ассоциациясы катышып жатышат. Ассоциация тарабынан бул иш чарага АКШнын 10 миң доллары бөлүнүп берилген.

10 жылдык маараке

2013- жылдын 15-17 августунда «Замандаш» ассоциациясынын 10 жылдык мааракеси өтөт. Мааракенин салтанаттуу аземи 15 – августта Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз  улуттук академиялык драма театрында болот.

Аталган иш чарага Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Афганистан, Тажикистан,Улуу Британия, Кытай, АКШ, Түркия, Түштүк Корея, Испания, Малазия, Канада, Польша, Чехия, Иран, Италия, Египет, Германия, Жапония сыяктуу дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 300дөн ашуун диаспора өкүлдөрү, коомдук жана бейөкмөт уюмдар катышат.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Жогорку Кенештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустарынын, консулдук мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын катышуусу да күтүлүүдө.

Ошондой эле коноктор Кыргызстандын алдыщкы искусство чеберлеринин концерттик программасына күбө болушат.

Мааракенин уландысы 16-августта Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда “Замандаш” Ассоциациянын мүчөлөрүнүн жана диаспора уюмдарынын ишмердүүлүгүнө арналган атайын программа даярдалган.

17-августтаЧолпон-Ата шаарындагы  Колбаев атындагы ипподромунда «Замандаш» Ассоциациясынын 10 жылдык мааракесине арналган чоң программада ат оюндары менен улуттук  ойундары  ойнотулат.  Он жылдыкка арналган жалпы байге фонду бир жарым миллион сом.

Айбат гезити




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru