Айбат » Марат Казакпаев, саясый серепчи: “Ата Журт” ич ара ыдырап атат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Марат Казакпаев, саясый серепчи: “Ата Журт” ич ара ыдырап атат

5555

- «Ата-Журт» фракциясынын үч депутаты мандатынан ажыраганы турат. Бул фракция мындан ары Акматбек Келдибеков, Мыктыбек Абдылдаевдердин колунда калып атат. Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековдун ортосунда тирешүү бар экени мурда эле маалым болчу. Эми бул тиреш мындан ары дагы күчөбөйбү?
– «Ата-Журт» фракциясы кыскарып атат, мына үч депутаттын мандаты алынганы турат. Азыр «Республика» дагы коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө чыгып атат, демек, оппозицияда «Ата-Журт» гана калат. Бул фракция болсо ич ара ыдырап атса, формалдуу гана оппозиция болуп калат да. Буга Камчыбек Ташиев өзү гана күнөөлүү. Эмне үчүн темир тосмодон өтөт?
- «Ата-Журт» фракциясынын ички атмосферасына кандай баа берет элеңиз?
– Бул фракциянын ичинен «Реформа үчүн» деген бир саясый топ чыгып кетти. «Ата-Журттун» ичинде ызы-чуу бар экени турган иш. Камчыбек Ташиев мандатынан ажыраса дагы, партия лидери бойдон калып атат. Ошон үчүн партия ичинде чоң конфликт чыгып кетпеши үчүн политсовет чогулуп, мындан кийинки кадамдарын жакшылап ойлонушу керек.
- Ташиев партия лидери бойдон калганы менен, фракцияны башкара албай атпайбы? Фракция Акматбек Келдибеков менен Мыктыбек Абдылдаевдин колунда. Ташиев менен Келдибековдун ортосунда пикир келишпестик бар экени буга чейин эле ачыкталган болчу…
– Ооба, эки лидердин ортосунда пикир келишпестик бар. Ошон үчүн экөө отуруп компромисске келиши керек. Кандай болгон күндө дагы экөө ушул партияны түзгөн. Экөө мамилесин оңдобосо анда «Ата-Журт» жоюлуп кетет.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru