Айбат » Асылбек Жусупов: Элдин ынтымагын чыңдоо үчүн, эл арасында иштерди жүргүзүүдөбүз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Асылбек Жусупов: Элдин ынтымагын чыңдоо үчүн, эл арасында иштерди жүргүзүүдөбүз

Асылбек Жусупов, “Замандаш-Современник” саясий партиясынын тең-төрагасынын кеңешчиси:

Асылбек Жусупов-Асылбек байке, жакында Нарын жергесин кыдырып келдиңиздер… Эмне максат менен кыдырып келиңиздер?

-Негизги максатыбыз элди ынтымакка, биримдикке чакыруу болуп саналат. Анткени, азыркы тапта жеке эле Нарын жергесинде эмес бүтүндөй Кыргызстан түндүк-түштүк болуп бөлүүнүчүлүк күч алганы тынчсыздандырат. Мына ошол себептен элибиди ынтымыкка чакыруу негизги максат. Өзүбүз аз эл болгондуктан эч кандай бөлүүнүнүн кереги жок. Алакандай болгон кыргыз элим бирдиктүү, ынтымактуу эл. Эзелтеден Манас атабыз ж.б. ата-бабаларыбыз  бир муштумдай кылып бириктирип, канчалаган кылымдарды карытып келген Кыргыз элимдин ыдырап кетишине жол бербешибиз керек. Эгерде биз бүгүн кол шилтеп кайдыгерлик менен мамиле кылып, элибизди ыдыратып жибере турган болсок, эртеңки келечек-муунга эмне деп жооп беребиз. Мына ушул миссияны колго алган биздин партиянын тең-төрагасы Эмил Өмүракуновдун тапшырмасы менен Нарынды кыдырып келдик.

- Буга чейин кереметтүү Ысык-Көл аймагын кыдырыптырсыздар, андан соң Нарынды кыдырыпсыздар… Кыргызстандын башка региондорун дагы кыдыруу, элди ынтымакка чакыруу максатын көрүп жатасыздарбы же кандай?
-Туура, биз бир гана жогорудагы аймактар менен кана токтоп калбайбыз. Биз баардык аймактарды кыдырып, эл менен кеңешип, ар кандай иш-чараларады өткөрмөкчүбүз. Мындан кийинки иш чара “кербени”  Жалал-Абад облусу болмокчу. Андан соң бардык аймактарды кыдырып, жаштар менен акылдашып, ар кандай сунуш-пикирлерин угуп анан ошого жараша иш кылмакчыбыз. Ошентип Кыргызстанды кыдырып чыккандан соң Бишкек шаарына чогулуп, жыйын курабыз.

-Буга чейинки жолугушууларда жаштар тараптан кандай сунуш-пикирлер түштү. Жаштардын  кандай ойлору бар экен?
-Элибизде “асыл таштан, акыл жаштан” деген омоктуу ойлор бар. Анын сыңарындай жаштардан ар тараптуу пикирлер айтылды. Мындан улам жаштардын эбегейсиз пикирлерин кубануу менен кабыл алдым. Ишке ашпай турган популисттик ой эмес, чыныгы ишке аша турган ойлорду көрөгөчтүк менен айтып жатышты. Ушундай патриот, мекенчил жаштарыбыз турганда Кыргызстандын эртеңки келечегинен чоң үмүттөр бар. Абдан жакшы ойлор айтылды, кагаз түрүндө да ойлор айтылды. Аны жалпыбыз Бишкекке биригип жолукканда да айтып берем.

-Бул иш чара ушуну менен токтоп калабы же улантасыңарбы?

-Бул идея негизинен ыраматылык Мухтар Өмүракуновго таандык. Ал киши айтчу: элди саясатка эмес жумушка тарткыла деген. Чынындыгында эл саясатташтып кетти, саясат нан болуп бербейт, эл жумуш менен камсыз болушу керек. Туура эмес саясаттардын артынан түндүк-түштүк эмес район-район, айыл-айыл ортосунда бөлүнүүчүлүк болуп келе жатат. Бул өтө кейиштүү нерсе.

-Мындай эң ыплас саясатты жүргүзүп келген саясатчылардын кесепетинен болгон маселе деңизчи… Калыптанып калган бул көз карашты жоюууга болобу?

-Албетте, болот. Буга мен ишенимдүү түрдө айта алам. Негизинен Кыргызстан СССРдин курманына суурулуп чыккандан соң, туура эмес саясатчылар бийлик башына келип, жеке кызыкчылыктарынын айынан бөлүп жарууга өтө баштаган. Мына ошентип отуруп, 20 жыл аралыгында өтө коопту абалга такалды. Биз ушул коопту абалды жөнгө салуу максатында иш алып барууга аргасыз болуудабыз. Улуу муундардын катаачылыктарын кайталабастан, аны жоюп ынтымактуу өлкө куруу милдети менен ишенимдүү кадамдарды таштадык. Ишеним болсо, кандай гана тоскоолдук болбосун жеңип кетебиз.

-Элди ынтымакка бириктирүүнүн мындан башка кандай жолдору менен кадамдарды таштайсыңар?

-Азырынча бир аймактын жаштары менен экинчи аймактын жаштарынын башын кошуп, ар кандай талкууларды уюштуруу. Негизинен биз ишти баштадык калганын жаштарга тапшырабыз. Жаштар кандай нук менен кетет көзөмөл кылып, көмөк көрсөтүп турабыз.

-Бул иш-чараны “Замандаш” саясий партиясы жасап жатабы же башка уюмдарда барбы?

-Муну “Замандаш” саясий партиясы эле жасап жатат.

-Жер-жерлерде кыдыруу маалында эл кандай кабыл алышты?
-Абдан жакшы кабыл алышты. Эл ушуга суусап турушканы байкалып турду. Айыл аксакалдары, жаштары, мугалимдери жана айыл өкмөттөрүнө чейин жылуу кабыл алып, туура иш жасап жатканыбызды бир ооздон айтып жатышты.

Айбат гезити

Маектешкен Улукбек Кутманбаев




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru